23:28 21 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.2377
  • EUR79.4389
  • RUB1.0748
Ардактуу энелер. Архив

Ош шаарында Энелер күнү салтанат менен белгиленди

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
16620

Шаар мэри бүгүнкү күндө энелер тынчтыктын жана биримдиктин башаты экендигин белгилеп, бул күнү энелер жөнүндө кандай гана алкоо, мактоолор болбосун, баары орундуу экендигин айтты.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik.  Ош шаарында 16-майда Энелер күнүнө карата майрамдык кече болуп, аны куттуктоолор, концерттик номерлер коштоду.

Салтанатка вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин депутаттары, 300дөн ашуун баатыр энелер, эмгек баатырлары, коомдук  ишмер айымдар катышты.

  • Энелер күнүнө карата майрамдык кече болуп концерттик номерлер коштоду.
    Энелер күнүнө карата майрамдык кече болуп концерттик номерлер коштоду.
    пресс-служба мэрии города Ош
  • Эстрада ырчыларынын коштоосунда концерттик программа тартууланды
    Эстрада ырчыларынын коштоосунда концерттик программа тартууланды
    пресс-служба мэрии города Ош
  • Салтанатка 300дөн ашуун баатыр энелер, эмгек баатырлары, коомдук  ишмер айымдар катышты.
    Салтанатка 300дөн ашуун баатыр энелер, эмгек баатырлары, коомдук ишмер айымдар катышты.
    пресс-служба мэрии города Ош
1 / 3
пресс-служба мэрии города Ош
Энелер күнүнө карата майрамдык кече болуп концерттик номерлер коштоду.

Шаар мэри бүгүнкү күндө энелер тынчтыктын жана биримдиктин башаты экендигин белгилеп, бул күнү энелер жөнүндө кандай гана алкоо, мактоолор болбосун, баары орундуу экендигин айтты.

"Эне — үйдүн куту, турмуштун туткасы дешет элибизде. Сиздер ажарлуу жүзүңүздөр, айкөлдүгүңүздөр, акылмандыгыңыздар жана туруктуулугуңуздар менен биздин турмушубуздун көркүн ачып, ынтымактын, биримдиктин данакери жана сулуулуктун символу болуп келесиздер. Бул салыштыруулар жөн гана кооз сөздөр эмес, турмуш чындыгы экендигин эч ким тана албайт", — деди мэр Кадырбаев.

Энелерге баалуу белектер тапшырылып, Улуттук Филармониянын жана эстрада ырчыларынын коштоосунда концерттик программа тартууланды.

Бүгүнкү күндө Ош шаары боюнча 576 баатыр эне бар.

Тема боюнча

Ош шаарында Энелер күнү белгиленет
Атамбаев: ушул күнү ар кимибиз өз энелерибизди эстейли
Бүгүнкү Үй-бүлө күнүндө жаңы 15 түгөй катталат
Белгилер:
энелер, энелер күнү, Айтмамат Кадырбаев, Дамира Ниязалиева
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ