Апрель окуяларында курман болгондорго салынчу мечитке Атамбаев өз жерин берди

© Пресс-служба президента КРАпрель окуяларында курман болгондордун жаркын элесине арналган "7-апрель шейиттери" мечити 7-кичи райондогу мамлекет башчысына таандык жерге салынат.
Апрель окуяларында курман болгондордун жаркын элесине арналган 7-апрель шейиттери мечити 7-кичи райондогу мамлекет башчысына таандык жерге салынат. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган мечит Бишкек шаарынын 7-кичи районунда Алмазбек Атамбаевге таандык жерге салынат.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Апрель окуяларында курман болгондордун жаркын элесине арналган "7-апрель шейиттери" мечити 7-кичи райондогу мамлекет башчысына таандык жерге салынат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мечиттин курулушу өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев тарабынан демилгеленген. Аны салуу үчүн президент 90-жылдардан бери өз менчигиндеги жер тилкесин берди.

2010-жылдын 7-апрелинде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу системасы кулатылган. Бул күнү борбордук "Ала-Тоо" аянтына нааразычылык билдирип чыккан миңдеген элге карата бийлик тарабынан ок атылып, аянтта 70ден ашык киши каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0