БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Апрель окуяларында курман болгондордун жаркын элесине арналган "7-апрель шейиттери" мечити 7-кичи райондогу мамлекет башчысына таандык жерге салынат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мечиттин курулушу өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев тарабынан демилгеленген. Аны салуу үчүн президент 90-жылдардан бери өз менчигиндеги жер тилкесин берди.
2010-жылдын 7-апрелинде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу системасы кулатылган. Бул күнү борбордук "Ала-Тоо" аянтына нааразычылык билдирип чыккан миңдеген элге карата бийлик тарабынан ок атылып, аянтта 70ден ашык киши каза болгон.