06:58 22 Бирдин айы 2018
Түз эфир
Алмазбек Атамбаев иш сапарынын алкагында Андрус Ансип менен жолугушту.

Атамбаев Европа комиссиясынын вице-президенти менен IT-эксперттердин сапары боюнча макулдашты

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Алмазбек Атамбаевдин Европаны кыдыруусу (22)
12 0 0

Президент Алмазбек Атамбаев Европа комиссиясынын вице-президенти Андрус Ансип менен жолукту

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Бельгия Королдугуна жана Европа союзунун институттарына жасаган иш сапарынын алкагында Европа комиссиясынын вице-президенти, маалыматтык технологиялар тармагындагы ири долбоорлордун ишке ашырылышына кураторлук кылган Андрус Ансип менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Европа комиссиясынын вице-президентине Кыргызстанда алдыдагы парламенттик шайлоолорго даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде жаңы технологияларды колдонууга жана маалыматтарды коргоого тиешелүү маселелерди туурасында айтып берди. 

Президент Алмазбек Атамбаев Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен жолугушуу учурунда, Кыргызстанда жакынкы убакыттарда болуучу шайлоолордун жүрүшүн жана Борбор Азиядагы диний абалды талкуулашты.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Европа комиссиясынын ортосунда маалыматтык технологиялар тармагындагы кызматташуусунун перспективалары талкууланды.

Европа комиссиясынын вице-президенти Андрус Ансип бирдиктүү санариптик рынокту түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында айтып берип, электрондук маалыматтар менен алмашуу системасын түзүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча пландары менен бөлүштү.

Калктын электрондук маалыматтык базасын коррупцияга каршы күрөштө пайдалануу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн, анын ичинде салык чогултуу жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча системасын өнүктүрүүдөгү европалык өлкөлөрдүн тажрыйбаларынын мисалдары келтирилди.

Президент өлкөнү өнүктүрүүдө заманбап маалыматтык технологияларды натыйжалуу пайдалануунун маанисин баса белгиледи.

Атамбаев менен Ансип Кыргызстанга Европа комиссиясынын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча эксперттеринин сапарын уюштуруу боюнча макулдашышты.

Тема:
Алмазбек Атамбаевдин Европаны кыдыруусу (22)

Тема боюнча

Атамбаев Европаны кыдырууда: президенттин самолету Бельгияга келип конду
Атамбаев: Европа Биримдиги менен Россиянын позицияларын жакындатууга мүмкүн болду
Белгилер:
эксперттер, шайлоо, Европалык комиссия, Андрус Ансип, Алмазбек Атамбаев, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ