Ысык-Көлдүн тургуну уюн сатып, Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына эстелик тургузду

Жазылуу
Улуу Ата мекендик согушка Корумду айылынан 119 жигит аттанып, алардын 79у өз элине кайтпай калган. Ушул айылдын тургуну, көзүнөн майып Таалайбек Боромбаевди капа кылганы, согушка катышкан Кызыл Аскердин жоокерлерине арнап Корумдуда бир да эстелик тургузулган эмес.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Ысык-Көл областына караштуу Түп районундагы Корумду айылынын тургуну өз уюн сатып, түшкөн акчасына Улуу Ата мекендик согуштун каармандарына арнап эстелик орнотту. Бул тууралуу Sputnik маалымат сайынын кабарчысына  бир тууганы Бактыгүл Боромбаева айтып берди.

Анын айтымында, иниси бул жөнүндө көптөн бери ойлонуп жүргөн. Эки жыл мурун максатын аны ишке ашырууга киришти дейт ал. 

"Иним биздин айылда Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына арналып бир да эстелик тургузулбаганына капа болуп жүрчү. Үй-бүлөдө беш кыз барбыз, эркек бир туугандардан жалгыз Таалай эле. Ар бирибиз анын оюн ишке ашырганга каражат бөлүп берүүнү чечтик. Биздин атабыз да согушка катышкан да", — дейт Боромбаева.

Алардын атасы Каалыйакмат Боромбаев Панфилов дивизиясынын сегизинчи батальонунда командир болчу.

"Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан корумдулуктардын баарынын аты чегилип, үч мрамор плитасынан турган монументке, майда чыгымдарды эске албаганда, төрт миңге жакын доллар кетти", — дейт Бактыгүл.

"Андан тышкары, иним бул эстеликтин чыгымына деп уюн сатты. Башында эстеликти тургузган жумушчуларга тамак бергенге, андан кийин анын ачылыш салтанатына келгендерге деп дагы бир уй, бир нече кой сойду", — деди Таалайдын эжеси.

Эстеликтин салтанаттуу ачылышына ардагерерлер, Афган согушуна катышкандар, жергиликтүү аскер комиссариатынын кызматкерлери жана айыл жетекчилиги, бардыгы болуп 400гө жакын адам чакырылган. 

© Фото / Бактыгуль БоромбаеваУлуу Ата мекендик согушка катышкандар үчүн тургузулган эстелик
1/3
Улуу Ата мекендик согушка катышкандар үчүн тургузулган эстелик
© Фото / Бактыгуль БоромбаеваТаалайбек Боромбаев эжеси Бактыгүл Боромбаева менен
2/3
Таалайбек Боромбаев эжеси Бактыгүл Боромбаева менен
© Фото / Бактыгуль БоромбаеваКаалыйакмат Боромбаев Панфилов дивизиясынын сегизинчи батальонунун командири болгон
3/3
Каалыйакмат Боромбаев Панфилов дивизиясынын сегизинчи батальонунун командири болгон
1/3
Улуу Ата мекендик согушка катышкандар үчүн тургузулган эстелик
2/3
Таалайбек Боромбаев эжеси Бактыгүл Боромбаева менен
3/3
Каалыйакмат Боромбаев Панфилов дивизиясынын сегизинчи батальонунун командири болгон
Жергиликтүү бийлик Таалайдын иш-аракетин кандай кабыл алды деген суроого Бактыгүл "жакшы" деп жооп берди.

"Ыраазылык билдиришти, эстеликти курууга жардам кылган 10 балага Ардак баракчаларын тапшырышты", — дейт ал. 

Мемориал эми Корумду айылында вице-адмирал Марат Темиров атындагы мектептин короосунда, Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилиндеги 76,2 миллиметр калибрлүү ЗИС-3 пушкасынын жанында турат.

Бактыгүлдүн айтымында, бул куралды да иниси Бишкектен алып келиптир. Ал үчүн биринчи Коргоо министрлигине жарактан чыгарылган артиллериялык куралдардан бирди бөлүп берүү арызы менен кайрылган экен. 

"Эми Таалай өз айылымдын тарыхына салымымды коштум, атамдын жана согуштун катышуучуларынын жаркын элесине тазим кылып, эскердим деп тынчтанып калды", — дейт Талайдын эжеси. 

Анын берген маалыматы боюнча, Таалайбек Боромбаев өзү азиз, I топтогу майып. Акыркы кездерде көзү дээрлик көрбөйт. Жашоого каражаты калдыбы деген суроого Бактыгүл кудайга шүгүр деп жооп берди. 

Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулардын эстелик тургузган адам мурда жергиликтүү айыл өкмөтүнүн башчысы болгон. Азыр ал 58 жаштагы пенсионер. Жубайы экөө үч кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн.

Ысык-Көл областына караштуу Түп районундагы Корумду айылынан Улуу Ата мекендик согушка 119 жигит аттанып, алардын 79у туулган жерине кайткан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0