Жумада Бишкекке Жеӊиштин 70 жылдыгына арналган эл аралык "Эскерүү эстафетаcы" келет

© Фото / Ашыркул ОморовЖумада Бишкекке Жеӊиштин 70 жылдыгына арналган эл аралык "Эскерүү эстафета" келет
Жумада Бишкекке Жеӊиштин 70 жылдыгына арналган эл аралык Эскерүү эстафета келет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңиштин 70 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык акциянын алкагында Минск, Баку, Кишинёв шаарларынан келе жаткан "Өчпөс отко" Бишкектеги Жеңиш аянтындагы оттун да тамызгылары кошулат.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында Жеӊиштин 70 жылдыгына арналган эл аралык "Эскерүү эстафетасы" жараяны өтүп, жол басып келген "Өчпөс отторго" Жеңиш аянтындагы от да кошулуп, андан ары сапар алат.

Бул демилге КМШ Парламенттер аралык ассамблеясына (ПАА) таандык. Аталган акциянын алкагында Бишкек шаарынын "Жеӊиш" аянтындагы Өчпөс оттун тамызгысын алуу аземи жана "Жашыл толкун" жараяны – Улуу Ата мекендик согуштагы Жеӊиштин 70 жылдыгына арналган көчөт отургузуу иш-чарасы болот.

"Жашыл толкун" жараяны ушул жылдын 11-мартында Белоруссиянын Минск шаарында башталып, андан ары Баку (Азербайжан), Кишинёв (Молдова) шаарларында уланган.

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата "Жеңиштин ысымдары" аттуу акция башталды
КМШ өлкөлөрүнүн баарынан алынган Түбөлүк от тамызгылары Санкт-Петербург шаарына жеткирилет. 16-апрель күнү КМШ ПААнын штаб-квартирасы жайгашкан Таврический сарайынын алдында өтүүчү салтанатта аталган ассамблеяга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү тарабынан Шериктештиктин символу катары от тамызгылары бир отту тутантмакчы.

Жеңиштин 70 жылдыгына карата "Эскерүү эстафетасы" жана "Жашыл толкун" акцияларын КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы (ПАА) менен бирдикте Бишкек шаарында өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин ЖКнын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров жетектейт.

Март айынын башында аталган акцияларды өткөрүүгө даярдыктар боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0