09:56 12 Бештин айы 2017
Түз эфир
Здание ОТРК

Карыпбеков КТРКнын башчылыгына талапкерлигин коет

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
2810

Илим Карыпбеков КТРКнын башкы дирекорлук кызматына башка талапкерлер менен катар ат салышмакчы. Төрт жыл мурда ал бул орунга шайланып, бир аз убакыттан кийин кайра баш тарткан.

БИШКЕК, 7 фев — Sputnik. Илим Карыпбеков КТРКнын башкы дирекорлук кызматын ээлөөгө карата конкурска катышат деп билдирди Sputnik кабарчысына КТРКнын байкоочулар кеңешинин мүчөсү Калыбек Асылбашев.

Анын айтымында, Карыпбеков Коомдук телеканалдын башкы директорлук ордуна жарыялана турган конкурска катышууга документтерин тапшырганы жатат. Асылбашев келерки шейшемби күнү, 10-февралда, "Эркин-Тоо" мамлекеттик гезитинде телерадиокорпорациянын башчылык кызматына конкурс башталганы жөнүндө жарыя чыгат. 

"Бир ай ичинде бардык каалоочулар конкурска катышууга өз документтерин тапшыра алышат", — деп билдирди ал.

Бейшемби күнү, 12-февралда, Байкоочулар кеңешинин мүчөлөрү өзүнүн жаңы төрагасын шайлоого чогулушмакчы дейт Асылбашов. 

"Азыр БКны "м.а." кошумчасы менен жаш курагына ылайык Тамара Жаманбаева жетектеп жатат", — деп айтып берди Кеңештин мүчөсү.

КТРКнын эми мурунку директору Султан Жумагулов өз каалоосу менен кызматтан кетти. Анын арызын КТРКнын Байкоочулар кеңеши бир добуштан кабыл алып, Илим Карыпбековду телекорпорациянын башкы директорунун милдетин аткаруучу кылып шайлады.

Төрт жыл мурун Илим Карыпбеков телекорпорациянын жетекчилик кызматына өз талапкерлигин коюп, ал турсун шайлоодо жеңип чыккан. Бирок кийинчерээк бул кызматтан кайра өзү баш тарткан. 

Жумагуловдун кызматтан кетишине анын Монголияга учуп бара жатканда орунсуз жүрүм-туруму жөнүндө ЖМКларга чыккан билдирүүлөр себеп болду. Байкоочулар кеңешинин мүчөсү Калыбек Асылбашев КТРКнын мурдагы директору тууралуу жазылгандардын 10 пайызы гана чындыкка жатат деп белгилейт.

Белгилер:
дайындоо, КТРК, Калыбек Асылбашев, Султан Жумагулов, Илим Карыпбеков
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ