Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 24-25-май күндөрү иш сапар менен Россиянын Сочи шаарында болот. Анда Жапаров Россиянын башчысы Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Жолугушууда бир катар маселелер, анын ичинде Кыргызстанга вакцинаны жеткирүү, кыргыз-тажик чек арасындагы болгон окуя талкууланат.