Аламүдүн районундагы ГЭС-5 суусунун аймагында жол кырсыгы катталып, эки адам каза тапты. Дагы эки жаран Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилди. Алдын ала маалыматтарга караганда, жеңил унаа жолдун каршы тилкесине чыга калган.