Масабиров Таалайбек Айтмаматович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Талайбек Масабиров
Депутат ЖК Талайбек Масабиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таалайбек Масабиров 1966-жылы 26-июлда Ош облусунун Алай районундагы Ленин жолу айылында туулган.

Билими:

1989 — Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин "филолог" адистиги боюнча аяктаган;

2007 — КР президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын менеджмент багыты боюнча магистр академиялык даражасын алган;

2009 — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын "юрист" адистиги боюнча аяктаган;

2009 — Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын эл аралык мамилелер адистиги боюнча бүтүргөн;

Эмгек жолу:

1989 — Республикалык "Динамо" коомунда самбо күрөшү боюнча улук машыктыруучу;

1991-1992 — Ички иштер органында кызмат өтөгөн;

1992-1994 — Каракол шаардык жол курулуш башкармалыгынын материалдык-техникалык тейлөө кызматынын улук инженери;

1994-1998 — "БН ЛТД" жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун коммерциялык иштери боюнча орун басары;

1998-1999 — "Түндүк темир жол" бажысынын инспектору;

1999-2001 — "Түндүк темир жол" бажысынын улук инспектору;

2001-2005 — "Түндүк темир жол" бажысынын башкы инспектору;

2005-2006 — Токмок бажысынын жетекчиси;

2006-2007 — "Түндүк темир жол" бажысынын жетекчиси;

2007-2008 — Бишкек бажысынын жетекчиси;

2008-2009 — "Түндүк темир жол" бажысынын жетекчиси;

2009-жылдын 30-декабрына чейин Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын орун басары;

2009-2010 — өкмөт алдында кайра түзүлгөн Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;

2013-2015 — Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;

2015 — КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышында "Кыргызстан" партиясынан депутат;

Спорттук жетишкендиктери:

Дзюдо боюнча чеберлер арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону. Дзюдо жана самбо күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0