Бакчиев Жаныбек Абдукапарович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековБакчиев Жаныбек Абдукапарович
Бакчиев Жаныбек Абдукапарович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаныбек Бакчиев 1967-жылы 13-июлда Ош шаарында туулган.

Билими:

Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн;

1992 — АКШ өкмөтүнүн жогорку бийликтегилердин коопсуздугун камсыздоо боюнча атайын окутууларынан өткөн;

2010 — КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын магистратурасын аяктаган.

Эмгек жолу:

1988-1992 — КР ички иштер органдарында кызмат өтөп баштаган;

1992-1994 — КР президентинин Күзөт кызматында ага офицер;

1994-1997 — Чүй облусунун губернаторунун жардамчысы;

1997-2000 — КР улуттук коопсуздук министрлигинин "Калкан" террорго каршы борборунун жетекчиси;

1998-1999 — АКШ өкмөтүнүн терроризмге каршы атайын окутууларынан өткөн;

2005 — КР премьер-министринин кеңешчиси;

2009-2012 — КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;

2015 — КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышында "Бир Бол" саясий партиясынан депутат болгон. Парламенттеги Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинин төрагасы.

КР Самбо федерациясынын ардактуу президенти.

Жаңылыктар түрмөгү
0