Ормонов Улукбек Зулпукарович — өмүр баян

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаОрмонов Улукбек Зулпукарович
Ормонов Улукбек Зулпукарович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ормонов 1963-жылы 3-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Кеңеш айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 1986 — Воронеж политехникалык институтун "инженер-электротехник" адистиги боюнча аяктаган; 
  • 1992 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин "экономист" адистиги боюнча аяктаган; 

Эмгек жолу:

  • 1980 — "Өзгөн" совхозунун жумушчусу; 
  • 1986 — Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы заводдун цех жетекчисинин орун басары, экономикалык маселелер боюнча директордун орун басары;
  • 1993 — 2005 — "Дастан" трансулуттук корпорациясынын вице-президенти, экономика боюнча директордун орун басары, коммерция боюнча директор;
  • 2005 — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • 2006 — 2007 — Жогорку Кеңештин эмгек жана миграциялык саясат боюнча комитетинин төрагасы; 
  • 2007 — "Дастан" ТУКнын башкаруучу директору;
  • 2007 — 2010 — Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты, "Ак-Жол" фракциясынын лидери;
  • 2016-жылдын май айында БШК мандат тапшырды. Ормонов "Бир Бол" саясий партиясынын тизмесинде катталган.

КРдин өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер.

Жаңылыктар түрмөгү
0