01:28 03 Теке 2020
Түз эфир
  • USD78.7872
  • EUR89.0098
  • RUB1.1172
Таржымал
Кыскача шилтеме алуу
Парламенттик шайлоо 2015 (146)
87 0 0

Жогорку Кеңеш депутаттарын жана Кыргызстандын президентин шайлоодо добуш берүүгө ким укуктуу экендиги туурасында Sputnik маалым катынан окуңуздар.

"Шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 3-беренесинде Кыргызстандын 18 жашка толгон бардык жарандары шайлоого укуктуу деп жазылган. Алар өз укугун социалдык абалына, жынысына, расасына, улутуна, майыптыгына, билимине, кызматтык жана мүлктүк абалына, диний ишенимине, саясий жана башка көз караштарына карабай пайдалана алат.

Ал эми өз кыймыл-аракети үчүн жооп бере албайт деп сот тарабынан таанылган же эрки чектелген жайларда кармалуучу жарандардын шайлоо укугу жок. Тергөө абагында жаткан жарандар, эгер жанында паспорту болсо, шайлоо укугуна ээ. 

Быйыл биометрикалык маалыматтарын тапшырган гана жарандар добуш бере алат. Себеби шайлоо участокторуна келүүчүлөрдүн баары биометриканын жардамы менен идентификацияланат. 

Тийиштүү маалыматтарын тапшырбаган жаран алдыдагы шайлоодо добуш бербейт.

Тема:
Парламенттик шайлоо 2015 (146)

Тема боюнча

Добуш берүү процедурасы кандайча өтөт?
Партиялык тизме кандайча түзүлөт?
Шайланууга ким укуктуу?
Добуштарды саноо процедурасы кандайча өтөт?
Белгилер:
добуш берүү, талапкер, саясий партиялар, биомертикалык маалыматтар, Жогорку Кеңешке шайлоо

ЭҢ МААНИЛҮҮ