Ош шаарынын 21 жаштагы тургуну 2016-жылы 26-ноябрда милиция кызматкери тарабынан зордукталганын айтып, шаардык прокуратурага арыз менен кайрылган. Студент кыз өз арызында милиция кызматкери аны унаасы менен Ош шаарындагы көчөлөрдүн бирине алып барып, зордуктаган соң ур-тепкиге алгандыгын жазган. Кылмышты прокуратура карап, ишти Улуттук коопсуздук кызматына өткөрүп берди.