21:48 21 Аяк оона 2017
Түз эфир
Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун жаш журналисттер үчүн кезектеги окуусу башталып, ал 7-сентябрга чейин уланат

Sputnik агенттиги жаш журналисттер мектебинин эшигин ачты

© Sputnik / Трефилов
Пресс-релиздер
Кыскача шилтеме алуу
5910

Долбоордо КМШ өлкөлөрүнөн 20дан ашуун мамлекеттин өкүлдөрү катышат

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун жаш журналисттер үчүн кезектеги окуусу башталып, ал 7-сентябрга чейин уланат.

  • Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун жаш журналисттер үчүн кезектеги окуусу башталып, ал 7-сентябрга чейин уланат
    Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун жаш журналисттер үчүн кезектеги окуусу башталып, ал 7-сентябрга чейин уланат
    © Sputnik / Трефилов
  • Мектептин сентябрдык сессиясы КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн ошондой эле Грузия мамлекетинин жаш журналисттерине багытталган
    Мектептин сентябрдык сессиясы КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн ошондой эле Грузия мамлекетинин жаш журналисттерине багытталган
    © Sputnik / Трефилов
  • Билим алуу жаатындагы долбоордун катышуучулары заманбап мультимедиалык маалымат агенттигинин жумушу менен таанышып, онлайн ЖМКлар үчүн жаңылык жаратуудагы өзгөчөлүктөрдү жана материалдарды жайылтуудагы SMM спецификасын да үйрөнө алышат
    Билим алуу жаатындагы долбоордун катышуучулары заманбап мультимедиалык маалымат агенттигинин жумушу менен таанышып, онлайн ЖМКлар үчүн жаңылык жаратуудагы өзгөчөлүктөрдү жана материалдарды жайылтуудагы SMM спецификасын да үйрөнө алышат
    © Sputnik / Трефилов
  • Ошондой эле окуунун жүрүшүндө практикалык иштерге да басым жасалып, мастер-класстарда жаш журналисттер тажрыйбалуу серепчилердин жетеги менен ар түрдүү тапшырмаларды аткарууну үйрөнө алышат.
    Ошондой эле окуунун жүрүшүндө практикалык иштерге да басым жасалып, мастер-класстарда жаш журналисттер тажрыйбалуу серепчилердин жетеги менен ар түрдүү тапшырмаларды аткарууну үйрөнө алышат.
    © Sputnik / Трефилов
1 / 4
© Sputnik / Трефилов
Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун жаш журналисттер үчүн кезектеги окуусу башталып, ал 7-сентябрга чейин уланат

Мектептин сентябрдык сессиясы КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн ошондой эле Грузия мамлекетинин жаш журналисттерине багытталган.

Катышуучулардын арасында 20дан ашык ЖМКнын өкүлдөрү, анын ичинде APA (Азербайжан), Казинформ (Казакстан), Медиамакс (Армения), Озодагон (Тажикстан), Uzbekistan Today (Өзбекстан), Кыргызстандын коомдук телерадиокорпорациясы (КТРК), ЭлТР, "Кабар" агенттиги, Белтелерадиокомпаниясы (Белоруссия), Армениянын коомдук телекомпаниясы жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү бар.

Билим алуу жаатындагы долбоордун катышуучулары заманбап мультимедиалык маалымат агенттигинин жумушу менен таанышып, онлайн ЖМКлар үчүн жаңылык жаратуудагы өзгөчөлүктөрдү жана материалдарды жайылтуудагы SMM спецификасын да үйрөнө алышат. Ошондой эле окуунун жүрүшүндө практикалык иштерге да басым жасалып, мастер-класстарда жаш журналисттер тажрыйбалуу серепчилердин жетеги менен ар түрдүү тапшырмаларды аткарууну үйрөнө алышат.

"Биринчи кезекте бул мектеп коңшу өлкөлөрдөн чогулган журналисттерге профессионалдык диалог түзүүдө жакшы аянтча болот. Биздин агенттиктин жумушу тууралуу айтып берүү бир гана кызыктуу жана пайдалуу болбостон, алар кесиптештеринин кандай иштеп жатканын да көрө алышат", — Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун башкы редакторунун орун басары Андрей Благодыренко.

Sputnik жаш журналисттер мектеби Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин иштери боюнча "Жаңы муун" федералдык агенттиги жана эл аралык гуманитардык кызматташтыгынын программасынын алкагында ишке ашырылууда. 2015-жылдан бери 100дөн ашуун ар кайсы өлкөдөн келген жаш журналисттер медиа чөйрөсүндө эл аралык тажрыйба алмашуу боюнча уникалдык долбоордун катышуучулары болушту.

Sputnik (sputniknews.com) — бул ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык кеңселери бар эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30дан ашык тилде иштеген сайттарды камтып, аналогдук, санариптик радиоберүүсү мобилдик тиркемеси жана социалдык түйүндөрдө атайын баракчалары бар. Sputnik агенттигинин жаңылыктары күн-түн дебей англис, араб, испан жана кытай тилдеринде да чыгып турат.

Тема боюнча

Журналисттер үчүн Колумбия университетинин программасына сынак жарыяланды
Белгилер:
Медиа, окуу, мектеп, Sputnik

ЭҢ МААНИЛҮҮ