"Ты супер" конкурсунун катышуучусу Урматтын кыялын Sputnik орундатты

© Sputnik / Табылды КадырбековУчастник шоу "Ты супер" Урмат Мырсаканов на встреча с членами сборной Кыргызстана по футболу
Участник шоу Ты супер Урмат Мырсаканов на встреча с членами сборной Кыргызстана по футболу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Урмат Мырсаканов бош убактысынын баарын футболго арнап, бул оюндун күйөрманы болот.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу "Ты супер" конкурсунун катышуучусу 12 жаштагы Урмат Мырсаканов менен футбол боюнча улуттук курама команда менен достук оюнун уюштуруп берди. Иш-чара Кыргызстандын Футбол федерациясынын көмөгү менен ишке ашып, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болду. Sputnik агенттиги маалыматтык колдоо көрсөтүп, оюнду түз алып көрсөттү.

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу "Ты супер" конкурсунун катышуучусу 12 жаштагы Урмат Мырсаканов менен футбол боюнча улуттук курама команда менен достук оюнун уюштуруп берди
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Ты супер конкурсунун катышуучусу 12 жаштагы Урмат Мырсаканов менен футбол боюнча улуттук курама команда менен достук оюнун уюштуруп берди - Sputnik Кыргызстан
1/4
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу "Ты супер" конкурсунун катышуучусу 12 жаштагы Урмат Мырсаканов менен футбол боюнча улуттук курама команда менен достук оюнун уюштуруп берди
© Sputnik / Табылды КадырбековУрмат бош убактысынын баарын футболго арнап, бул оюндун күйөрманы болот
Урмат бош убактысынын баарын футболго арнап, бул оюндун күйөрманы болот - Sputnik Кыргызстан
2/4
Урмат бош убактысынын баарын футболго арнап, бул оюндун күйөрманы болот
© Sputnik / Табылды КадырбековЖолугушуу учурунда өлкө намысын коргогон футболчулар Урматка топту туура тебүү, чабуул коюу жана коргонуу ыкмаларын үйрөтүп, соңунда кыска оюн болду
Жолугушуу учурунда өлкө намысын коргогон футболчулар Урматка топту туура тебүү, чабуул коюу жана коргонуу ыкмаларын үйрөтүп, соңунда кыска оюн болду - Sputnik Кыргызстан
3/4
Жолугушуу учурунда өлкө намысын коргогон футболчулар Урматка топту туура тебүү, чабуул коюу жана коргонуу ыкмаларын үйрөтүп, соңунда кыска оюн болду
© Sputnik / Табылды КадырбековАл эми КРдин Футбол федерациясынын башкы катчысы Медербек Сыдыков жаш талантка топ жана улуттук кураманын формасын тапшырды.
Ал эми КРдин Футбол федерациясынын башкы катчысы Медербек Сыдыков жаш талантка топ жана улуттук кураманын формасын тапшырды. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Ал эми КРдин Футбол федерациясынын башкы катчысы Медербек Сыдыков жаш талантка топ жана улуттук кураманын формасын тапшырды.
1/4
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу "Ты супер" конкурсунун катышуучусу 12 жаштагы Урмат Мырсаканов менен футбол боюнча улуттук курама команда менен достук оюнун уюштуруп берди
2/4
Урмат бош убактысынын баарын футболго арнап, бул оюндун күйөрманы болот
3/4
Жолугушуу учурунда өлкө намысын коргогон футболчулар Урматка топту туура тебүү, чабуул коюу жана коргонуу ыкмаларын үйрөтүп, соңунда кыска оюн болду
4/4
Ал эми КРдин Футбол федерациясынын башкы катчысы Медербек Сыдыков жаш талантка топ жана улуттук кураманын формасын тапшырды.

Урмат бош убактысынын баарын футболго арнап, бул оюндун күйөрманы болот. Жолугушуу учурунда өлкө намысын коргогон футболчулар Урматка топту туура тебүү, чабуул коюу жана коргонуу ыкмаларын үйрөтүп, соңунда кыска оюн болду. Ал эми КРдин Футбол федерациясынын башкы катчысы Медербек Сыдыков жаш талантка топ жана улуттук кураманын формасын тапшырды.

"Биз сени менен сыймыктанабыз, Урмат. Сен өлкөнүн намысын татыктуу коргодуң. Футболду жакшы көрөрүң мактоого татыйт. Спорттун бул түрү командалык оюнду талап кылат. Сен эми биздин катарга кошулуп, 12-оюнчу болдуң", — деди Сыдыков.

Урмат өз кезегинде ыраазычылык билдирди.

"Sputnik агенттигине рахмат айтам. Мен баалаган жана жакшы көргөн футболчуларга жолуктум. Ал эми форма жана топ үчүн Футбол федерациясына ыраазычылык билдирем. Мен мындан ары ырдайм жана футбол ойнойм", — деди Урмат.

Футболист Валерий Карпин и участник шоу Ты супер Урмат Мырсаканов в студии телепроекта - Sputnik Кыргызстан
Урмат Мырсаканов "Ты супер" сынагынын кийинки этабына өтпөй калды
"Ты супер!" конкурсу НТВ жана Sputnik эл аралык маалымат агенттиги тарабынан демилгеленип, Россиянын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен уюштурулган. Музыка жаатында таланттуу балдар КМШ жана Балтика боюндагы мамлекеттеринен келишкен. Алардын катарында Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Грузия, Молдова, Казакстан, Кыргызстан жана Эстония бар. 12 жаштагы Урмат Мырсаканов долбоордун кийинки этабына өтпөй калды.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.

Sputnik Кыргызстан ондогон өлкөлөрдө мультимедиалык хабдары бар эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун бир бөлүгү болуп саналат. Sputnik өз карамагына 30дан ашуун тилде жарык көргөн сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркемелерди, жана социалдык тармактагы баракчаларды камтыйт. Катталуучулар үчүн жаңылыктар англис, араб, испан жана кытай тилдеринде жарыяланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0