Sputnik Кыргызстан НТВ каналындагы "Ты супер" балдар долбоорун колдойт

© Sputnik / Михаил ДудинУчастник шоу НТВ "Ты – супер!" Урмат Мырсаканов
Участник шоу НТВ Ты – супер! Урмат Мырсаканов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынакка катышуу үчүн НТВ каналынын алдын ала жүргүзгөн кастингинде Урмат Мырсаканов тандалып алынган.

БИШКЕК, 18-янв. Sputnik маалымат кызматы, — Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу эл аралык маалыматтык өнөктөш катары "Ты супер!" шоусунун Кыргызстандагы долбооруна катышкан жаш таланттарга колдоо көрсөтөт. Ал — НТВ каналынын алдын ала жүргүзгөн кастингинде тандалып алынган Урмат Мырсаканов. 

НТВ каналынын "Ты супер!" долбоору ата-энелердин камкордугусуз калган талантуу балдарга өзүн эл алдына алып чыгууга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Сынакка балдар үйүнүн, мектеп-интернаттардын жана асырап алынган үйлөрдүн балдарынын катышуусуна мүмкүнчүлүк берилген. Шоунун жүрүшүндө Sputnik өлкөдөгү окурмандарга балдардын ийгиликтери тууралуу онлайн-күндөлүк түрүндө жана түз да алып көрсөтүп берип турат. Ал эми социалдык тармактардын расмий аккаунттарында каалоочулар сынактын каалаган катышуучусуна добуш бере алат.

Новогодняя елка для детей с ограниченными возможностями здоровья - Sputnik Кыргызстан
Sputnik НТВ каналындагы балдардын шоусуна эл аралык өнөктөш болду
Шоуга катышкан кыргызстандык талант расмий өкүлдөрдүн — педагогдордун, камкордукка алгандардын, багып алган ата-энелеринин коштоосунда Москвага жөнөп кетти. Продюсерлердин айтымында, көптөр үчүн бул мекенинен сыртка чыккан алгачкы сапар. Муну менен катар балдар шоунун акырына чейин мектеп программасы боюнча билим алуусун улантышат.

"Ты супер!" конкурсу Россиянын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен уюштурулган. Музыка жаатында таланттуу балдар КМШ жана Балтика боюндагы мамлекеттеринен келишет. Буга бардыгы болуп тогуз өлкөнүн балдары катышат. Алардын катарында Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Грузия, Молдова, Казакстан, Кыргызстан жана Эстония бар. Долбоорду Вадим Такменев алып барат. "Ты супер!" долбоорунун премьерасы НТВ каналында 18-февраль күнү башталат. 

Долбоор тууралуу толук маалыматты НТВ каналынын сайтынан алууга болот. Музыкалык таланттар жөнүндөгү маалыматтарды Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуп турууга болот. 

НТВ – Россиядагы эң ири мамлекеттик эмес телекомпания. Эфирге 1993-жылы чыгып, телеканалдардын арасынан алдыңкы үчилтикке кирген.

НТВ Россиянын бардык субьектилеринде тартып, 99,2 пайыз элди камтыйт. Ал эми чет өлкөдө жашаган орус тилдүү көрөрмандар үчүн НТВ эки эл аралык версияда иш алып барат – НТВ-Мир жана НТВ-Америка. 

НТВ каналы түзүлгөндөн бери негизги тележанрларды мыкты өздөштүрүп келет. Журналисттик иликтөөлөр, коомдук көйгөйлөргө багытталган талкуулар жана эң башкысы жаңылыктар менен аналитика НТВнын негизги багыты. 

Певец Кайрат Примбердиев - Sputnik Кыргызстан
Примбердиев "Голос" долбоорунун финалисттери менен Россияны кыдырат
НТВ каналынын жамаатынын адискөйлүгү дүйнө жүзүндө чоң кадыр баркка ээ. Каналдын кызматкерлери жыл сайын өкмөттөн жогорку сыйлыктарына татып келишет. Көңүл ачуучу долбоорлор – ата мекендик сериалдар, тасмалар, социалдык программалар бир канча ирет беделдүү сыйлыктардын ээси болгон. 

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт. 

Sputnik Кыргызстан ондогон өлкөлөрдө мультимедиалык хабдары бар эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун бир бөлүгү болуп саналат. Sputnik өз карамагына 30дан ашуун тилде жарык көргөн сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркемелерди, жана социалдык тармактагы баракчаларды камтыйт. Катталуучулар үчүн жаңылыктар англис, араб, испан жана кытай тилдеринде жарыяланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0