Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Журналисттер митинг, башаламандык учурунда кантип иштеши керек? SputnikPro долбоору

© Sputnik / Табылды КадырбековКорреспондент Sputnik Кыргызстан Расул Усеналиев
Корреспондент Sputnik Кыргызстан Расул Усеналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мастер-класс SputnikPro деп аталган билим берүү долбоорунун алкагында Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда 13-ноябрда саат 13:00дө өтөт.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти Расул Үсөналиев Бишкектеги жогорку окуу жайлардын журналистика факультетинин студенттерине журналисттер митинг, башаламандык учурунда кантип иштеши керектиги тууралуу тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Иш-чара SputnikPro билим берүү долбоорунун алкагында Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда 13-ноябрда өтөт.

Мастер-класска катышуу акысыз, орундар чектелүү. Катталуу үчүн телефондор: (312) 98-60-27, 98-69-47.

SputnikPro — бул Россиянын мыкты медиа-менеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентация жана мастер-класстары. Алар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт.

Белгилей кетсек, SputnikPro долбоору 2018-жылы жазында башталып, Белоруссиянын, Грузия, Азербайжан, Армения жана Кыргызстандын медиа коомчулугунун жогорку баасын алган.

Sputnik эл аралык маалымат агенттиги — дүйнөдөгү ири ЖМКлардын бири. Агенттик 30дан ашык тилде маалымат таратат. Токиодон Монтевидеого чейинки аймактагы редакциялар жана маалымат борборлору жаңылыктарды күнү-түнү жазып турат.

Үч жыл ичинде Sputnik сайты постсоветтик мамлекеттердеги ЖМКлар арасында жаңыча ыкма менен иштеп алдыңкы орундарга чыкты.

Жакынкы чет мамлекеттердеги Sputnik порталы улуттук жана орус тилинде чыгып, окурмандарга түрдүү мультимедиалык маалыматтарды сунуштайт.

Инфографика, видео, сүрөт түрмөгү, онлайн-эфирлер, сурамжылоо жана подкасттарды таап окусаңыздар болот. Күнүмдүк жаңылыктардан тышкары, Sputnik агенттиги аналитикалык материалдарды жана эксклюзивдүү маектерди да окурмандарга сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0