Кайсы партия канчанчы орунда? Бюллетендер кол менен 100 пайыз саналып бүттү

© Sputnik / Табылды КадырбековБШКнын кызматкерлери добуштарды эсептеп жатышат
БШКнын кызматкерлери добуштарды эсептеп жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2021
Жазылуу
Өлкөдө жана чет мамлекетте ачылган 2 494 шайлоо участкалык комиссиянын баарынан протоколдор келип түшкөн.
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Парламенттик шайлоодо берилген добуштардын баары толугу менен саналып бүттү. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалат.
Бюллетендерди кол менен саноо 28-ноябрда шайлоо тилкелери жабылгандан кийин эле башталган.
Өлкөдө жана чет мамлекетте ачылган 2 494 шайлоо участкасындагы протоколдордун маалыматтары келип түшүп, бюллетендер кол менен 100 пайызга эсептелип бүттү.
Ага ылайык, беш пайыздык чектен алты партия өттү:
  1. "Ата-Журт Кыргызстан" — 17,30 пайыз;
  2. "Ишеним" — 13,63 пайыз;
  3. "Ынтымак" — 10,99 пайыз;
  4. "Альянс" — 8,34 пайыз;
  5. "Бүтүн Кыргызстан" — 7:04 пайыз;
  6. "Ыйман нуру" — 6,15 пайыз.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтүп, АСУнун алдын ала жыйынтыгы чыккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0