Казакбаев РФ элчиси Удовиченко менен кызматташуунун келечегин талкуулады

© Фото / пресс-служба МИД КРӨлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев
Өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Тараптар кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту.
Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашкан.
© Фото / пресс-служба МИД КРӨлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту
Встреча министра иностранных дел Руслана Казакбаева с послом РФ в КР Николаем Удовиченко - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту
Мындан сырткары, регионалдык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашып, жогорку деңгээлдеги тышкы саясий иш-чараларды уюштуруу боюнча келерки жылга пландарды сөз кылышты.
"2022-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына чоң маани берип, тараптар тарыхый датага карата биргелешкен иш-чараларды уюштуруу зарылдыгын белгилешти", — деп айтылат билдирүүдө.
Алар ошондой эле кыргыз-орус мамилелерин союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк нугунда бекемдөө максатында мындан аркы активдүү өз ара аракеттенүүгө даярдыгын билдиришкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0