Шаардык кеңештин депутаттары мэрди шайлоо укугунан ажыратылат. Мыйзам долбоору

© Sputnik / Табылды КадырбековШаардык кеңештин депутаты. Архив
Шаардык кеңештин депутаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Жазылуу
Учурда парламентте "Жергиликтүү мамлекеттик бийлик" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатат.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Шаардык кеңештин депутаттары мэрди шайлоо укугунан ажыратылат. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик органдары жөнүндө сунушталган мыйзам долбоорунда жазылган.
Документке ылайык, райондук маанидеги шаарлардын башчыларын дайындоо укугу акимге берилет. Ал эми облустук, республикалык маанидеги шаарлардын мэри президент тарабынан дайындалат.
Баяндамачы депутат Аалы Карашев учурдагы жергиликтүү кеңештин депутаттарына мөөнөтү бүткөнгө чейин аталган нормалар тиешелүү эместигин белгиледи.
Учурда парламентте "Жергиликтүү мамлекеттик бийлик" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатат. Ал президенттик администрация тарабынан сунушталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0