00:17 19 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7961
  • EUR98.2024
  • RUB1.1914
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (258)
261 0 0

Өлкө бийлигинин инаугурациясы 11-сентябрга белгиленген. Иш-чарага Россия, Кытай, Катар, Түркия, Пакистан жана Иран чакырылганы кабарланган.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Россия талибдердин өкмөтүнүн инаугурациясына катышпай турганын РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Россия инаугурацияга катышпайт", — деген Песков.

Буга чейин "Талибан"* кыймылындагы маалымат булагы РИА Новостиге 11-сентябрда өтө турган Афганистандын өкмөтүнүн инаугурациясына Россия, Кытай, Катар, Түркия, Пакистан жана Иран чакырылганын билдирген.

"Талибан"* кыймылы үч ай мурда активдешип, Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул коё баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы 20 жылга созулган согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун таштап чыгып кетишти.

Сентябрдын алтысында талибдер буга чейин баш ийбей келген Панжшер аймагын алдык деп билдирген. Бирок аталган аймактын лидери Шах Масуд провинциянын баары багынып бербегендигин билдирген. Каршылык көрсөтүүчү күчтөр талибдер менен партизандык согушка өткөндүгүн айтышкан.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (258)

Тема боюнча

БУУ дүйнө коомчулугун Афганистандын жаңы өкмөтү менен диалогго барууга чакырды
Талибдер Панжшерден миң кишини кубалап жибергени айтылды
Экс-элчи Ниязов: талибдер мурдагыга караганда алда канча жумшак болот
Белгилер:
Афганистан, Россия, өкмөт, инаугурация, Дмитрий Песков

ЭҢ МААНИЛҮҮ