Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Кумтөр иши боюнча УКМКга сурак берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМурдагы президент Сооронбай Жээнбеков. Архив
Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Жазылуу
Кумтөр иши боюнча буга чейин бир нече саясатчылар кармалып абакка киргизилген. Жакында эле мурдагы президент Аскар Акаев да сурак берген.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков Кумтөр иши боюнча УКМКга сурак берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, ведомстволор аралык тергөө тобу 2017-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча стратегиялык келишимдин түзүлүшүнө байланышкан окуялардын активдүү этабын баштады. 

Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
УКМК "Кумтөр" иши боюнча толук маалымат берди
Комиссиянын жагдайды толук, ар тараптуу жана объективдүү иликтөө максатында айрым жогорку кызмат адамдарынын кылмыштуу иш-аракеттерин иликтөө менен бирге зарыл болгон тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу кылмыш ишине тиешелүү окуялар боюнча 2017-жылы өлкөнүн премьер-министри болуп иштеген экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2021-жылдын 12-августунда күбө катары суракка чакырылган.

“Сооронбай Жээнбеков менен тергөө амалдары уланат”, - деп айтылат маалыматта.

УКМКдан тергөө тарабынан күнөөсү аныкталган бардык айыпталуучулардын аракеттерине ээлеген кызматына, сиңирген эмгегине карабастан объективдүү юридикалык баа берилерин белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0