00:34 02 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7585
  • EUR100.8923
  • RUB1.1589
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо (59)
165 0 0

Мурунку шайлоодо Ош шаарынан БШКга 89 арыз түшкөн, анын ичинен тогузу добуш сатып алуу боюнча даттанган.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ошко барып, шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штабдын жыйынына катышты.

  • Глава ЦИК Нуржан Шайлдабекова и мэр Оша Айтмамат Кадырбаев на заседании Штаба по подготовке к выборам депутатов городского кенеша в городе Ош
    БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ошко барып, шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штабдын жыйынына катышты
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Мэр Оша Айтмамат Кадырбаев на заседании Штаба по подготовке к выборам депутатов городского кенеша в городе Ош
    Отурумга калаа мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кызматтардын, ведомство жана ишканалардын жетекчилери чогулган
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Заседание Штаба по подготовке к выборам депутатов городского кенеша в Оше
    Анда БШКнын башчысы 11-апрелде өткөн шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу айтып берген.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 3
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ошко барып, шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штабдын жыйынына катышты

Отурумга калаа мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кызматтардын, ведомство жана ишканалардын жетекчилери чогулган.

Анда БШКнын башчысы 11-апрелде өткөн шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу айтып берген.

"Ош шаарынан БШКга жалпысынан 89 арыз түштү, анын ичинен тогузу добуш сатып алуу боюнча даттанган. Бул мурунку шайлоолорго салыштырмалуу алда канча аз", — деди Шайлдабекова.

Ошондой эле ал тийиштүү мамлекеттик органдардын жана кызматтардын жетекчилерине административдик ресурс колдонууга, добуш берүү күнү жана анын алдында мыйзам бузууларга жол бербөө иштерин күчөтүү зарылчылыгын эскертти. Аны менен катар санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө дыкат көңүл буруу керектигин белгиледи.

Ал эми мэр "резина" батирлер маселесин көтөрүп, жарандардын бир эле дарекке массалык түрдө каттоого турушуна бөгөт коюу боюнча катуу тапшырма бергени айтылат.

Эске салсак, буга чейин БШК 11-апрелде өткөн Токмок, Ош жана Бишкек шаардык кеңештерине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга массалык мыйзам бузуулар себеп болгон.

Кайра шайлоо 11-июлга белгиленди.

Тема:
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо (59)

Тема боюнча

Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна 17 партия аттанды. Тизме
Белгилер:
Ош шаары, Нуржан Шайлдабекова, эреже, эскертүү

ЭҢ МААНИЛҮҮ