Владимир Путин Гүлнара-Клара Саматтан ишеним грамотасын кабыл алды

© Фото / Михаил Метцель / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Жазылуу
Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп ушул жылдын февраль айынын аягында дайындалган.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын Россиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Саматтан ишеним грамотасын алды. Бул тууралуу Кремлдин сайтында кабарланды.
"Президент Путин Кремлде өлкөгө жаңы келген 23 элчиден ишеним грамоталарын кабыл алды", — деп жазылат билдирүүдө.
Алардын арасынан Кыргызстандын элчиси Гүлнара-Клара Саматты дагы көрүүгө болот.
Эске салсак, Гүлнара-Клара Самат бул кызматка ушул жылдын февраль айынын аягында дайындалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0