13:00 16 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7800
  • EUR101.5707
  • RUB1.1013
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
20

Өлкө башчы "Кумтөрдү" Акылбек Жапаров текшерет деген маалыматтан кийин ага "карышкырга кой кайтартыпсыңар" деген билдирүүлөр көп келе баштаганын айткан.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров соцтармакта "Кумтөр" ишканасын текшерүү боюнча мамлекеттик комиссияны депутат Акылбек Жапаровдун жетектөөсүнө нааразы болуп жаткандарга Instagram баракчасы аркылуу жооп берди.

Буга чейин "Кумтөр" компаниясынын ишмердүүлүгүн текшере турган депутаттык комиссия "мамлекеттик комиссия" деп өзгөртүлүп, аны Акылбек Жапаров жетектемей болгон.

Өлкө башчы "Кумтөрдү" Акылбек Жапаров текшерет деген маалыматтан кийин ага "карышкырга кой кайтартыпсыңар" деген билдирүүлөр көп келе баштаганын айткан.

"Урматтуу кыргызстандыктар! Кытай реформатору Дэн Сяопин "кара мышыкпы, ак мышыкпы, чычкан алса болду" деп айткан. Анын сыңарындай ким текшерсе да айырмасы жок. Кыргызстанга пайдалуу жыйынтык менен келсе болду. Көзөмөл күчтүү болот", — деп жазган Жапаров.

Президенттин мындай билдирүүсүнө карабай соцтармак колдонуучулары нааразы болгон пикирлерин калтырууда. 

Кумтөр — өлкөнүн экономикасы үчүн бараандуу орунду ээлеген алтын чыгарган ишкана. Акциянын көпчүлүк бөлүгү Кыргызстанга таандык.

Тема боюнча

"Кумтөрдү" Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссия текшермей болду
Белгилер:
Кумтөр, Акылбек Жапаров, Садыр Жапаров

ЭҢ МААНИЛҮҮ