Президент Садыр Жапаров Москва шаарында - Sputnik Кыргызстан

Садыр Жапаровдун Россияга болгон сапары. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
Президент Садыр Жапаров чет өлкөгө чыккан алгачкы жумушчу сапары менен Россияда жүрөт. Ал бүгүн өкмөттүк делегация менен Москвага барды.
Мамлекет башчы сапардын алкагында Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшөт.
Ошондой эле РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрагасы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушуу пландалган.
Андан тышкары, бизнес коомчулугу, иштеп жүргөн мекендештер жана студенттер менен кездешет.
Сапардын жүрүшү тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан окуй аласыздар.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
23:18 24.02.2021
22:43 24.02.2021

Россияга иш сапар менен барган президент Садыр Жапаров Москва шаарында жашаган кыргызстандыктар менен жолугушууда.

22:34 24.02.2021
Визит президента КР Садыра Жапарова в РФ - Sputnik Кыргызстан
21:21 24.02.2021

"Мен эки тараптуу кызматташууда өзгөчө маанилүү деген бир нерсени белгилей кетсем, ал орус тилинин расмий макамын сактап калганыңыздар. Бул биздин да, Кыргызстандын да жарандары үчүн маанилүү. Себеби тил Россия рыногунда эмгектенүүдө артыкчылык берет, кошумча экзамендерди талап кылбайт. Россияга келген кыргызстандыктар үчүн кошумча түйшүк жаратпайт. Дагы кайталап кетсем, бул эки тарап үчүн пайдалуу. Муну андан ары биргеликте колдоп кетебиз деген ишеним бар. Биз тараптан кыргызстандыктардын өз мекенинде орус тилин үйрөнүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бермекчибиз. Бизде бир катар пландар бар жана аларды жакшыртуу боюнча иштейбиз", — деген Путин.
Ал эми Жапаров орус тилинин макамы Кыргызстан үчүн да маанилүү экендигин айткан.

21:14 24.02.2021

Москвада  Кыргызстан президенти Садыр Жапаров  менен Россия лидери Владимир Путиндин жолугушуусу болду.  Анда эмне сөз болгондугун Кремлдин расмий сайты кабарлады.

 Башында Жапаров Путинге Россияга чакырганы үчүн ыраазылык билдирген.

"Албетте, президент катары чет мамлекетке биринчи бул сапарым биздин мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун жогорку деңгээлин белгилейт. Биз  стратегиялык өнөктөштүк менен союздаштык мамилени улантып бекемдөө ниетиндебиз", — деген  Жапаров.

Ал РФ башчысына республикадагы саясий каатчылыкты жөнгө салуудагы  көрсөткөн көмөгү жана колдоосу үчүн ыраазылык билдирген. 

20:38 24.02.2021
20:05 24.02.2021

Россия Федерациясы Кыргызстанга мында ары дагы колдоо көрсөтөт. COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө дагы жардам бермекчи. Бул тууралуу Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго билдирди.

“Биз Кыргызстанга эпидемия менен күрөшүүдө жардам берип жаттык. Сиздер илдеттин жайылуусун ооздуктоодо, жуктургандардын санын азайтууда алгылыктуу иш алып барганыңыздарды белгилегим келет”, — деди Путин.

Ал ошондой эле бул багытта кошумча чара көрүү керектиги боюнча кыргыз тараптын калоосун Россия биле турганын айтты.

“Колдон келген бардык аракетти жасайбыз. Сиздерди мындан ары дагы колдойбуз”, — деди Путин.

19:45 24.02.2021

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров россиялык кесиптеши Владимир Путин менен жолукту.

Жапаров Путинди ага ылайыктуу күнү Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырган.

“Учурдан пайдаланып сизди Кыргызстанга чакырам. Сизге ылайыктуу болгон күнү биздин өлкөгө расмий сапарыңыз менен келип кетиңиз”, — деди Жапаров.

Ал эми Путин чакыруу үчүн ыраазычылык билдирди.

19:34 24.02.2021

Москвага иш сапары менен барган Садыр Жапаров кесиптеши Владимир Путин менен жолукту. Өлкө башчысы Путинди Кыргызстанга чакырды. 

19:29 24.02.2021

Президент Садыр Жапаров РИА Новости агенттигине маек берип, вакцина маселеси боюнча дагы кеп козгогон. 

“Россия коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатат. Медицина туризми, медициналык билим берүү, фармация жаатында кызматташуу, маалыматтык технологияларды киргизүү, квалификацияны жогорулатуу багытында кызматташууну активдештирүү маселелери каралууда.

Андан сырткары, россиялык өндүрүштөн чыккан вакцинаны колдонуу менен Кыргызстан калкын эмдөөгө даярдоонун алкагында кызматташуу жолго коюлду.

Бүгүнкү күндө россиялык вакциналар Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан өлкөгө каттоосуз киргизүүгө уруксат берилген дары-дармек каражаттарынын атайын тизмесине киргизилген. Ошондой эле россиялык вакциналарды каттоонун мүмкүн болгон бардык механизмдери каралып жатат”.

19:05 24.02.2021
Встреча и.о президента Кыргызстна Садыра Жапарова с дипломатическим корпусом - Sputnik Кыргызстан, 1920
Алака жылдардын сыноосунан өткөн. Жапаров Россияда басым жасалчу маселелерди атады
19:04 24.02.2021

Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;
Президенттин аппарат жетекчиси — Сүйүнбек Касмамбетов;
Биринчи вице-премьер-министр — Артем Новиков;
вице-премьер, экономика жана каржы министри — Улукбек Кармышаков;
Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы — Дастан Дүйшекеев;
КРдин Россиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси — Гүлнара-Клара Самат;
Коргоо министри — Таалайбек Өмүралиев;
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри — Аскарбек Жаныбеков;
Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри — Гүлмира Абдралиева;
Энергетика жана өнөр жай министри — Кубанычбек Турдубаев;
Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору — Алмамбет Шыкмаматов;
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы — Кабыл Абдалиев;
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу — Бактыбек Кудайбергенов.

18:41 24.02.2021

Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары мазмуну жагынан абдан көлөмдүү. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдирди.

Шаршемби күнү түштөн кийин Владимир Путиндин Жапаров менен жолугушуусу күтүлүүдө. Ага чейин РФ башчысы Федералдык коопсуздук кызматынын коллегиясынын жыйынына катышат.

"Кыргызстан — биздин союздаш мамлекет, стратегиялык өнөктөш. Жапаровдун иш сапары мазмуну боюнча абдан көлөмдүү", — деди Песков.

 

18:38 24.02.2021
18:16 24.02.2021

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда, биринчи чет элдик иш сапары менен Москва шаарына барды.

Иш сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров РФ лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

"Ошондой эле мамлекет башчынын Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган", — дешти президенттин аппаратынан.

Мындан тышкары, Россиянын бизнес коомчулугу, ошондой эле Россиядагы мекендештер жана кыргызстандык студенттер менен жолугушуулар күтүлүүдө.

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0