Алака жылдардын сыноосунан өткөн. Жапаров Россияда басым жасалчу маселелерди атады

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2021
Жазылуу
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров инаугурациядан кийин чет мамлекеттердин ичинен биринчи иш сапарын Россияга жасай турган болду.
Сапардын алдында мамлекет башчы РИА Новостиге орус-кыргыз мамилесинин абалын, кызматташууда биринчи басым эмнеге жасала тургандыгын, андан сырткары, республикадагы вакцинация туурасында айтып берди.
— Садыр Нургожоевич, мамлекет башчы катары чет элдик иш сапарыңызды Россияга жасай турган болуп жатасыз. Эмне үчүн биринчи эле Россия Федерациясына барууну чечтиңиз?
— Ооба, менин иш сапарымдын датасы макулдашылган жана 2021-жылдын 24-25-февралында Россия Федерациясына барууну чечтим. Биринчи расмий иш сапарымдын Россия Федерациясына жасалышы түшүнүктүү го дейм. Ири алдыда Россия биздин жакын жана ишенимдүү союздаш экенин терең канааттануу менен белгилеп кетмекчимин. Биздин достук көптөгөн жылдарда сыналган, өз ара ишенимге, жылуу мамилеге жана тарыхка негизделген. Эгемендүүлүктүн жылдарында да Кыргыз Республикасынын тышкы саясий приоритеттериндеги бул багыт өзгөрбөгөн бойдон калып, ошол бойдон уланып келүүдө.
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы мамлекет аралык кызматташуу союздаштыктын, стратегиялык өнөктөштүктүн деминде улам өнүгүп жана эки тараптын узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берип келет.
Асмандагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2021
Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга учуп кетти. Коштоп кеткендердин тизмеси
Биздин өлкөлөрдүн ортосунда ар кыл деңгээлдеги мазмундуу саясий диалог нукка түшүп калган жана ар тармакта өзүнүн жемишин берген кызматташуу ишке ашып келе жатат. Ал тышкы саясатты, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка жааттагы кызматташууну өзүнө камтыган. Буга евразиялык интеграциялык процесстердеги өз ара өнөктөштүк мамилени кошууга болот.
Бул иш сапарга өзгөчө маани берип жатканыбызды белгилеп кетким келип турат. Себеби ал кыргыз-россиялык мамилелерге шыктандыра турган жаңы күч берет, өз ара түшүнүүчүлүктө жана ишенимдеги болгон мындан аркы саясий эки тараптуу майнаптуу кызматташууга сөзсүз негиз салмакчы.
— Бүгүнкү күндө кыргыз-россия кызматташуусунда кайсы суроолор көбүрөөк актуалдуу деп ойлойсуз? Иш сапардын алкагында Россия тарап менен эмнени талкуулоону пландап жатасыз?
— Бул иш сапарым таанышуу мүнөзүндө болот жана жеке байланыш курууга, мындан аркы эки тараптуу узак мөөнөттөгү союздаштык мамилеге, стратегиялык өнөктөштүккө негиз салууга багытталган. Россиялык тарап менен бардык тармакта өз ара кызматташууну тереңдетүү маселелерин конкреттүү талкуулоого ниеттенип жатам. Эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуунун деңгээлин арттыруу үчүн шарттарды талкуулап сүйлөшүү, инвестиция тартуу, россиялык бизнес чөйрөсүнүн ири компанияларын эле эмес, орто жана кичи бизнестин өкүлдөрүн да алып келүүнү сүйлөшмөкчүбүз.
Курулуш, транспорт, коммуникация, темир жол жана автоунаа жолдору, энергетика, айыл чарба инфратүзүмүн өнүктүрүүчү биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү, эки жакка тең пайда келтире тургандай кылып агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү да сүйлөшүлөт. Миграция тармагындагы маселелер да каралмакчы.
КРдин толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, профессор Аскар Бешимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2021
Радио
Бешимов: Жапаровдун Россияга болгон сапарынан көп нерсе күтүүгө болбойт
Коронавирус инфекциясына байланышкан чектөөлөрдүн кесепети тийгендиктен, приоритеттердин ичине өлкөлөр арасындагы эки тараптуу сооданы активдештирүү иши да кирет.
Россиялык инвесторлор менен ишкердик чөйрөнүн өкүлдөрүн тоо-кен, энергетика, транспорт, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба, туризм тармагындагы долбоорлор кызыктырарына ишенем.
Андан сырткары, биз колдо болгон макулдашуулардын негизинде тактоо, аныктоо иштерин жүргүзүп, кызматташуунун белгиленген чөйрөлөрүндө мындан аркы алака-мамиленин стратегиялык багыттарын белгилеп алуу ниетиндебиз.
— Россия Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүдө алгылыктуу жардам көрсөттү. Мындан тышкары, республикага россиялык вакцинаны алып келүү маселеси каралып жатат. Сүйлөшүү кайсы баскычта жүрүүдө?
— Ооба, туура айтасыз, Россия коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатат. Медицина туризми, медициналык билим берүү, фармация жаатында кызматташуу, маалыматтык технологияларды киргизүү, квалификацияны жогорулатуу багытында кызматташууну активдештирүү маселелери каралууда.
Андан сырткары, россиялык өндүрүштөн чыккан вакцинаны колдонуу менен Кыргызстан калкын эмдөөгө даярдоонун алкагында кызматташуу жолго коюлду.
Бүгүнкү күндө россиялык вакциналар Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан өлкөгө каттоосуз киргизүүгө уруксат берилген дары-дармек каражаттарынын атайын тизмесине киргизилген. Ошондой эле россиялык вакциналарды каттоонун мүмкүн болгон бардык механизмдери каралып жатат.
Кыргызстана жана Россиянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Жапаров: тарыхта кыргыз-орус элинин алысташына өбөлгө түзгөн көйгөй жаралган эмес
ДССУнун концепциясына ылайык, Кыргыз Республикасы коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнү этап-этабы менен жүргүзүү чечимин кабыл алган. Биринчи кезекте медицина кызматкерлери менен саламаттык сактоо уюмдарынын персоналы, тобокелчилиги жогору болгон аймактарда иштегендер вакцинациядан өтөт.
Келип жаткан вакциналарды бөлүштүрүү алгоритми да, дары-дармекти кабыл алчу кампалар да даяр. Медицина кызматкерлерин вакциналарды пайдалануу, сактоону үйрөткөн окутууларга даярдык башталды.
Вакциналардын улам келишине жараша өнөкөт оорусу барлар, калктын аялуу катмары жана каалоочулар эмделет.
Өлкөбүз чакан, илдеттин кесепети өтө оор болушу мүмкүн. Андыктан вакцинация биз үчүн мекендештерибиздин өмүрүн сактоодо жана кадимки жашоого кайтууда абдан маанилүү.
Жаңылыктар түрмөгү
0