Издөөдөгү Албек Ибраимов дагы бир коррупциялык ишке айыпталууда

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Бишкек шаарынын мурунку мэри Албек Ибраимов. Архив
 Бишкек шаарынын мурунку мэри Албек Ибраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Жазылуу
Ибраимов "Манас" аэропортунун акционердик коомун директорлор кеңешинин жана Бишкек мэринин кызматын аркалап турганда түркиялык компаниянын кызыкчылыгын колдогону айтылат.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын мурунку мэри Албек Ибраимов дагы бир коррупциялык ишке айыпталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Ибраимовдун айланасындагы мыйзамсыз иштер Чукуевге карата козголгон сотко чейинки өндүрүш учурунда аныкталган.
"Албек Ибраимов "Манас" аэропортунун ачык акционердик коомун директорлор кеңешинин төрагасы жана Бишкек шаарынын мэри болуп турганда түркиялык Gata havayollari ve tasimacilik компаниясынын кызыкчылыгын коргогон. Мындан сырткары, аба майдандын айрым адамдары чет өлкөлүк компанияга артыкчылыктарды берүү аркылуу жеке пайда көрүшкөн", — деп жазылат маалыматта.
Манас эл аралык аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
12 млн. долларлык зыян. "Манас" аэропортунда ири коррупциялык схема аныкталды
Аталган факт боюнча Ибраимовго коррупция беренеси менен сыртынан айып тагылган. Учурда ал изделүүдө.
Түркиялык компанияга мыйзамсыз жеңилдиктердин берилиши боюнча "Манас" аэропортунун мурдагы төрагасы Эмир Чукуев кармалып, эки айга камакка алынган.
Буга чейин УКМК "Манас" аэропортунда ири коррупциялык схема аныкталгандыгын, ага Албек Ибраимовдун катыштыгы тууралуу маалымат тараткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0