"Путинге рахмат!" Дастан Бекешев пенсия үчүн акча берчү РФке ыраазычылык билдирди

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Россия Федерациясы Кыргызстанга кайтарымсыз 20 миллион доллар бере турганы кабарланган.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Россияга жана президенти Владимир Путинге Кыргызстанга кайтарымсыз 20 миллион доллар жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу эл өкүлү Twitter баракчасына жазган.

"Россиянын арты менен январда пенсия толугу менен төлөнүп берилет. Путинге рахмат", — деген депутат.

​Буга чейин Россия Федерациясы Кыргызстанга кайтарымсыз 20 миллион доллар бере турганы кабарланган.

Каражат бюджет дефицитин жабууга пайдаланылмакчы, анын ичине пенсия, жөлөк пул жана саламаттык сактоо тармагын каржылоо кирет. 
Эми келишимдин долбоорун кыргыз тарап кабыл алып, жакынкы аралыкта кол коюлушу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0