02:42 25 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7671
  • EUR103.2421
  • RUB1.1399
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум (72)
236 0 0

Эки парламентарий тең эртең, 20-ноябрда, саат 17:00гө чакырылган. Ал эми бүгүн депутаттар Жанар Акаев менен Мирлан Жээнчороев сурак бермекчи.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков менен Эмил Токтошев дагы суракка чакыртылды. Маалыматты Sputnik Кыргызстанга эл өкүлдөрү өзүлөрү тастыктады.

Токтошев суракка күбө катары келүү чакыруусун бүгүн, 19-ноябрда, алганын билдирди.

"Кечээ Конституцияны өзгөртүүгө каршы пикиримди ачык айтып чыккандан кийин бүгүн минтип суракка чакырып жатат. Тергөөчү чалып, келип кетүүнү суранды. Бирок кайсы иш боюнча экенин айткан жок. Эртең барганда көрөбүз", — деди Токтошев.

Ал эми Момбеков мындан эки күн мурун ага тергөөчү чалып 5-6-октябрда болгон "Ала-Тоо" аянтындагы митингдер тууралуу күбө катары чакыруу ниетин билдиргенин айтты.

"Мурдагы күнү тергөөчү чалып "сизди суракка чакыралы дедик эле" дегенинен расмий кагаз жибер дегем. Бүгүн эртең менен жардамчыма чакыртма таштап кетиптир. Токтошев экөөбүзгө бир учурда берип жатпайбы. Эгер андай болсо, өкмөттөгү адамдардын өзүнөн башташы керек эле. Алардын баары "Ала-Тоо" аянтында болгон. Эмнеге Баш мыйзамга каршы чыккан депутаттарды чакырат? Тандап чакырганына караганда, бир сыр жаткандай. Булар ушундай, биринчи күбө катары чакырат да, анан күнөөкөр кылып коёт", — деди Момбеков.

Ошондой эле ал бул иштер кечээ Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы билдирүү таратып койгону үчүн жасалып жатат деген пикирин кошумчалады.

Депутат суракка барар-барбасы тууралуу азырынча чечим кабыл ала электигин айтат. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Бакыт Шаршембиевдин доо арызы боюнча Сокулук райондук сотунда иш кайра жанданганын белгилеп, 20-ноябрда ал жакка дагы барышы керектигин билдирди.

Эмил Токтошев кечээ, 18-ноябрда, жаңы Конституция долбоорун жазган автор катары кошулуп калганына таң калып, тизмеден аты-жөнүн чагарып салуу үчүн төрагага кайрылган.

Белгилей кетсек, ИИМ Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Мирлан Жээнчороевди дагы 5-6-октябрдагы башаламандыкты уюштуруу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка чакырган. Алар тергөө кызматына бүгүн барышы керек.

Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум (72)

Тема боюнча

Бишкектин вице-мэри Абдылдаев Финполго сурак берди. Себеби
Жанар Акаев ИИМге суракка чакыртылды. Сүрөт
Белгилер:
Эмил Токтошев, Рыскелди Момбеков, сурак

ЭҢ МААНИЛҮҮ