00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Кыргызстандыктардын санариптик сабаттуулугу кандай? – Санариптик өнүктүрүү министрлиги алдына коюлган милдеттерди кандай аткарды?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Шанс стать крутым бизнесменом — беседа о работе Университета «Евразия» с вице-спикером Госдумы РФ
10:04
33 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкектеги ышты өлчөгөн жабдуулар туура эмес иштейби? Ыш менен күрөшүү кандай жүрүүдө?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Цифровизация таможни: борьба с контрабандой и снижение бюрократии
12:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
2025-жылы канча чакырым жол салынат? – инвестиция, жаңы техника, акы төлөнүүчү жол, кадр маселеси
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Туристтик жайларды классификациялоо системасын жаңылоо — тейлөө сапатын жакшыртабы?
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Пайыздык коюмдар жана инфлация
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Страна детей и открытой, предприимчивой молодежи — глава представительства «Россотрудничества» о Кыргызстане
18:07
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Мекенинде ийгиликтүү ишкерге айланган мурдагы мигрант
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туристтик жайларды классификациялоо системасын жаңылоо — тейлөө сапатын жакшыртабы?
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жапыкеев: ири суммадагы акча уурдагандардын иши биринчи каралат

© Фото / пресс-служба партии "Чон казат"Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев. Архив
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жетекчи эгер мыйзамга баш ийген жарандарга карата Финпол кызматкерлеринин ыйгарым укуктарынан артыкча пайдаланып кеткен учурлары боюнча маалымат жетсе, катаал чаралар көрүлө тургандыгын айткан.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын ишинде биринчи орунда мамлекеттин казынасына майда акчалар эмес, масштабдуу көлөмдө зыян тийгизген жогорку кызматтагыларга жана таза эмес иштеген ишкерлерге байланыштуу резонанстуу иштер турушу керек. Бул туурасында аталган ведомство жетекчиси Сыймык Жапыкеев Финполдун ыкчам тергөөчүлөр курамы менен жолугуп жатканда айткан.

Борбордук аппараттын кеңешмесинде коррупция менен күрөшүү боюнча Финполдун кезектеги күрөшү, экономикалык коопсуздукту камсыздоо, андан сырткары, коомчулукта талкуу жараткан кылмыш иштери боюнча жасалчу жумуштардын планы макулдашылган.

Финпол: тез жардам унааларын 1 млн. долларга кымбат алгандарга иш козголду

"Өлкө жетекчисинин түз тапшырмаларын аткаруу боюнча конкреттүү чаралар, иштин жыйынтыгы туурасында маалымат берилди. Учурда резонанстуу бир нече иш иликтенип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Жапыкеев республикадагы бардык аймактык бөлүмдөрүндө ишти күчөтүү, өлкөнүн экономикалык коопсуздук деңгээлин бекемдөө жаатында иштин майнаптуулугун арттыруу, мамлекеттик бюджетке келген чыгымды кайтаруу, таза бизнести ишенимдүү коргоону камсыздоо боюнча тапшырмаларды берген. Андан сырткары, эл менен өз ара кызматташып, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча коомдук ишти күчөтүүнү кошумчалаган.

УКМК: коррупциялык иштерге күбө болгондор үчүн ишеним телефондор иштей баштады

Жапыкеев эгер мыйзамга баш ийген жарандарга карата Финансы полициясынын кызматкерлеринин мыйзамсыз же ыйгарым укуктарынан артыкча пайдаланып кеткен учурлары боюнча маалымат жетсе, катаал чаралар көрүлө тургандыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0