00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тарых өз баасын берет. Сооронбай Жээнбековдун акыркы кайрылуусу

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңеш депутаттары кезексиз жыйынга чогулган.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Өлкөбүздө тынчтыкты сактап калуу, элди бөлүп жарбоо максатында президенттик кызматтан кетүү чечимин кабыл алдым. Туура чечимби же жокпу, муну тарых жана убакыт таразалайт. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында жасаган кайрылуусунда айтты.

Эскерте кетсек, отставкага кетерин Жээнбеков 15-октябрда билдирип, анын бул чечимин кароо үчүн бүгүн Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулган.

Төмөндө кайрылуунун толук текстин беребиз:

Урматтуу мекендештерим!

Урматтуу депутаттар!

Президенттик кызматка шайланганыма кечээ үч жыл болду.

Кудайдын буйругу экен, элдин колдоосуна таянып, мамлекеттик бийликтин бардык бутактары менен биргеликте ички жана тышкы саясатта бир топ иштерди аткардык.

2017-жылы президенттикке аттанганда берген негизги убадаларымды аткаруу — ушул үч жылдык эмгегимдин өзөгүн түздү.

Президенттик мөөнөтүмдүн алгачкы жылын тышкы саясатты жолго коюуга жумшадым.

Бул көзгө көрүнбөгөн, бирок көп убакытты жана күч-аракетти талап кылган түйшүктүү иш болду.

Тышкы саясатты улуттук кызыкчылыктарыбызга толук жооп бергидей жүргүздүк.

Мамилебиз солгундап калган мамлекеттер менен өнөктөштүгүбүздү бекемдедик.

Өлкөнү санариптештирүү, калкты таза суу менен камсыздоо, жаңы жерлерди өздөштүрүү, калкты турак жай менен камсыз кылуу — бул менин президенттик ишимдин негизги багыттары болду.

Ички миграцияны токтотуу максатында аймактарды өнүктүрүү саясатына өзгөчө басым жасадым. Бюджеттик жана өлкөнүн финансы институттарынын каражатын элетке бура алдык.

Өлкөбүздүн экспорттук потенциалын көтөрүү максатында аймактардагы ишкерлер, өзгөчө, кайра иштетүү тармагы сезилерлик каржылык колдоо алышты.

Соттук-укуктук реформаны ордунан жылдырдык.

Коррупцияга каршы күрөш жүрдү.

Көп жылдар бою талашка түшүп келген "Коопсуз шаар" долбоорун ордунан жылдырдык. Патрулдук милиция өлкө борборунда ишин баштап, Ош шаарында даярдалууда.

Мына ушул жана башка иштердин баары эң биринчи кезекте — ар бир жарандын жашоосун жакшыртуу максатында жасалды.

Урматтуу мекендештерим!

Өлкөбүздүн тарыхы 6-октябрга чейин жана андан кийинки учуру деп өлчөнүп калды. Бул факт.

Бул бурулуш бизге эмне алып келет — тарых жана убакыт өз баасын берет.

Бул күндөр ар бир кыргызстандык үчүн эң оор күндөр болду.

Менин дарегиме колдоо айтуу менен бирге, мамлекет башчысы катары тез арада кырдаалды жөнгө салуу талаптары, катуу сын-пикирлер айтылды.

Кыйчалыш учурда эмнелер жасалганын азыр кайрадан айтып отурбайын. Болгон күч-аракетимди өлкөнү укуктук талаага кайтарууга жумшадым.

Мамлекетибиздеги журт тааныган ишмерлер жана өнөктөштөрүбүз менен консультацияларды жүргүздүм.

Жүздөгөн мекендештерим тынчсыздануусун билдирип, кеңештерин айтышты.

Баарыбыз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок экендигине дагы бир ирет ынандым.

Биздин жарандык коом күчтүү жана ачык деп буга чейин айтып келгем.

Жарандык коом менен массалык маалымат каражаттарынын ушул күндөрдөгү аракети "Кыргызстан — укуктук өлкө" экендигин далилдөөгө багытталды.

Мына ушундай жарандык позицияңар үчүн баарыңарга ыраазылыгымды билдирем.

Опурталдуу күндөрү коомдук тартипти сактаган элдик дружиналар — чыныгы каармандарыбыз болуп калды.

Алар Бишкек шаарынын тургундарынын терең сый-урматына татыктуу.

Учурдан пайдаланып, Кыргызстандын тагдырына кайдыгер карабаган өнөктөштөрүбүздүн, анын ичинде Россия Федерациясынын, Казакстандын, Америка Кошмо Штаттарынын, Великобританиянын, Бириккен Улуттар Уюмунун, Евробиримдиктин жана ТүркПАнын жетекчилигине ыраазылык  билдирем.

Урматтуу мекендештерим!

"Мамлекеттин башына эң кыйын учур келгенде жоопкерчиликти таштап кетип калууга акысы жок" деген элдин үнүн угуп, бул күндөрү болгон аракетимди жумшадым.

Мен үчүн — өлкөбүздүн бүтүндүгү, элибиздин биримдиги, коомубуздун ынтымагы бардык кызмат ордунан бийик.

Мен үчүн ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү — баарынан кымбат.

Өлкөбүздө тынчтыкты сактап калуу, элди бөлүп-жарбоо максатында президенттик кызматтан кетүү чечимин кабыл алдым.

Албетте, бул чечим коомчулук тарабынан ар кандай кабыл алынууда.

Бул туура чечимби же жокпу — тарых жана убакыт таразалайт.

Кудай алдында, кадырлуу журтумдун алдында жүзүм жарык.

Ушул курак, ушул кызматка жеткенге чейинки топтогон тажрыйбамды мындан ары да элим үчүн колдон келишинче жумшайм.

Албетте, бүтпөй калган иштер калды. Буга ичим ачышпай койбойт.

Аткарылчу милдеттер дагы көп эле.

Ар бир президенттин чоң кыялы, максаты болот экен.

Менин амбициялуу максатым — Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору эле.

Бул долбоор боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр болуп, саясий чечим кабыл алынган.

Эксперттер ишке киришип, маселе ордунан жылган.

Билесиздер, бул долбоор Кыргызстандын келечеги үчүн аба менен суудай зарыл.

Бийликке келе жаткан азаматтарга ушул ишти улантуу аманатын калтырып кетип жатам.

Кудайдын колдоосу менен ушул долбоордун ишке ашуусун тилейм. Ийгилик каалайм.

Урматтуу мекендештерим!

Иш болгон жерде кемчиликтер болду.

Алар үчүн, кадырман элим, сиздерден кечирим сурайм.

Ар бир мекендешиме ден соолук жана бакыт-таалай тилейм.

Ар бир үйдө жакшылыктар көп болсун.

Үч жылдык ишимде мага ишеним көрсөтүп келген мекендештериме, чогуу иштешкен бардык бийлик бутактарына, мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга, өзүмдүн аппаратыма, жарандык коомго жана медиа тармагына терең ыраазылыгымды билдирем.

Эки тизгин, бир чылбырды колго алып жаткан жаңы бийликтин ишине ийгиликтерди каалайм.

Баарыбыздын тагдырыбыз жалгыз гана Кудайдын амиринде.

Мээримдүү, ырайымдуу Жараткан Кудайым Өзү колдоп, элибизде  аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!

Аман болуңуздар, урматтуу мекендештерим!

Жээнбековдун сөзүнөн кийин ЖК төрагасы Канат Исаев ага депутаттардын атынан ыраазычылык билдирип, тарыхта жаратман президент катары каларын айтты. Андан соң өзү узатып чыкты.

Ушу тапта жыйын уланууда, анын кандай өтүп жатканын Sputnik агенттигинин түз эфиринен жана жүргүзүп жаткан тексттик трансляциясынан көрүп-билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0