00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Праздник, шашлык и скандал: почему длинные выходные опасны для многих семей
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстандын жапайы жоогазындары: жоголуп кетүү коркунучу жана аларды коргоо чаралары
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги транспорттук-логистикалык интеграция кандай абалда — транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, санариптештирүү
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Баткенде "Айгүл гүлү" эл аралык фестивалы өтөт. Иш-чараны дүйнөлүк деңгээлдеги брендге айлантуу мүмкүнбү?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кызматкердин укугу — биринчи орунда: бүгүнкү күндө кесиптик бирликтердин ролу кандай?
13:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кан төккөн президент болгум келбейт. Жээнбеков кетип жатып эмне деди

Жазылуу
Жээнбеков мындан үч жыл мурун дал ушул күнү президент болуп шайланып, 24-ноябрдан тарта кызматка киришкен. Анда ал шайлоочулардын 54,76 пайыз добушуна ээ болгон.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү коомдук-саясий абалга байланыштуу отставкага кеткенин жар салды.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

"Урматтуу мекендештерим!

Борборубуз Бишкектеги коомдук-саясий абал курч бойдон турганын көрүп турасыздар.

Аны басаңдатуу максаты менен кечээ Жогорку Кеңеш Өкмөттүн курамын бекитип, тиешелүү дайындоолор боюнча мен жарлык чыгарып, кол коюп бердим.

Тилекке каршы, агрессия дагы эле токтобой, менин токтоосуз отставкамды талап кылышууда.

Азыркы кырдаал эки тараптуу кагылышуунун болуусуна жакындап калды.

Бир жагында митингге чыккандар, бир жагында күч органдары турат.

Эки тарап кагылышса, кан төгүлүп кетет.

Мамлекеттик резиденцияны коргоо үчүн аскер кызматкерлери, күч органдары курал колдонууга милдеттүү.

Эки тарапты тең провокацияга барбоого чакырам.

Урматтуу мекендештерим!

Мен бийликке тырмышып калган жокмун.

Мен үчүн өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин бүтүндүгү, коомубуздун ынтымагы бардык кызмат ордунан бийик.

Мен үчүн ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү — баарынан кымбат.

Мен Кыргызстандын тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан президент катары калгым келбейт. Ошондуктан мен отставкага кетүү чечимин кабыл алдым.

Эми Жапаровду жана башка саясатчыларды өз тарапкерлерин тынч жол менен таратууга чакырам.

Элдин тынчтыгына, өлкөбүздүн бүтүндүгүнө доо кетирбегиле.

Жараткан Кудайым өзү колдоп, элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!"

Жаңылыктар түрмөгү
0