Өкмөт: Баткендеги жаңжал чыккан аймакта сүйлөшүү аяктап, чогулган эл тарады

© AFP / MLADEN ANTONOVЧек ара кызматкери. Архив
Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тургундар чыр болгон жерден чыгып кетишти, кырдаал салыштырмалуу туруктуу жана көзөмөлдө турат деп билдиришти.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Кадамжай районундагы Чечме жана Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын чатагынан кийин кыргыз-өзбек тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аскерлердин биргелешкен Кайгуул күзөтүн уюштурууну чечти. Бул туурасында өкмөттөн кабарлашты.

Бул эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынган иш-аракеттер экени айтылды.

Города России. Москва - Sputnik Кыргызстан
Россия кыргыз-тажик чек ара көйгөйүндө ортомчу болууга даяр
Эске салсак, бүгүн, 31-май күнү, саат 12:30дар чамасында Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан.

Анын кесепетинен кыргыз тараптан 15 киши жаракат алып, алардын ичинен төртөө ооруканага жаткырылган. Учурда эки кыргызстандыктын абалы оор экендиги айтылган.

“Окуядан соң кыргыз өкмөтү коопсуздук чараларын күчөтүп, жеринде чыңалууну жана жаңжал ырбап кетпеши үчүн жалпы координация жүргүзүү белгиленди. Жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарына тиешелүү тапшырмалар берилди”, - деп айтылган маалыматта.

Өкмөт эртең, 1-июнда, тараптар сүйлөшүүлөрдү улантарын, элге коомдук тартипти сактоого жана чек ара кызматташтыгы менен коңшулук алаканы бекемдөөгө багытталган түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн айтты.

Тургундар чыр болгон аймактан чыгып кетишти, кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0