ЖК төрагасы Абылгазиевге вирустун экинчи толкунуна даяр турууну эскертти

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков. Архивное фото
Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрага Кыргызстандын саламаттык сактоо жана экономика тармагы кандай кыйынчылыктарга дуушар болгонун белгилеген.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге коронавирус инфекциясынын экинчи толкунуна даярдануу керектигин айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, мындай пикирин спикер ЖКнын кечээги, 21-майдагы, жыйынында билдирген. Төрага Кыргызстандын саламаттык сактоо жана экономика тармагы кандай кыйынчылыктарга дуушар болгонун эскерткен.

Брифинг учурунда биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов  - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан коронавирустун экинчи толкунуна даярбы? Бороновдун жообу
Жумабековдун айтымында, күз айында COVID-19дун жайылып кетүү коркунучуна каршы туруу үчүн бюджеттен каражат кароо керек.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү пандемиянын экинчи толкуну болушу ыктымал экенин болжолдогон.

Кыргызстанда коронавирус жалпы 1350 адамга жукту. Анын ичинен 949 бейтап айыкса, 14 киши каза болгон.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0