Ультиматум тили кабыл алынбайт! Жээнбеков кечээки митинг тууралуу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызской Республикасыны президенти Сооронбай Жээнбеков коопсуздук кеңеш учурунда. 24.01.2020
Кыргызской Республикасыны президенти Сооронбай Жээнбеков коопсуздук кеңеш учурунда. 24.01.2020 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент мамлекеттик бийлик өлкөнүн экономикалык коопсуздугун бекемдеп, жарандардын тынч жашоосун камсыз кылууга милдеттүү экенин баса белгилеген.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков коомдогу тынчтык баарынан жогору турарын, бардык маселелер укуктук талаада чечилерин, ультиматум тили кабыл алынбастыгын айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы ал чакан курамда өткөргөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдиргенин кабарлады.

Президент мамлекеттик бийлик өлкөнүн экономикалык коопсуздугун бекемдеп, жарандардын тынч жашоосун камсыз кылууга милдеттүү экенин баса белгилеген. Ички иштер органдарына болгон биринчи кезектеги негизги талап - жарандардын тынчтыгын камсыз кылуу болуп саналарын кошумчалаган.

"Кечээ милиция кызматкерлери өздөрүнүн милдеттерин толук кандуу аткарышты. Алар шаардыктардын тынч жашоого болгон укугун коргоп, шаардагы тартипти камсыз кылышты. Мамлекет башчы катары, дагы бир жолу кайталап айтам, коомдогу тынчтык баарынан жогору турат. Бардык маселелер укуктук талаада чечилет, ультиматум тили кабыл алынбайт. Өлкөдө мыйзамдуулук сакталышы керек", — деген Жээнбеков.

Эске салсак, 2-мартта, саат 11:00дөр чамасында Бишкекте Садыр Жапаровду абактан чыгарууну талап кылып 1000ден ашык адам митингге чыккан. Анда чыгып сүйлөгөндөр саясатчыны бошотуу талабынан сырткары бийликти сындаган пикирлерин айткан. Алардын ичинен 10 кишиден турган топ президент Сооронбай Жээнбековго жолугуу үчүн барып, бирок аппарат кызматкери менен сүйлөшүп кайра келген.

Ал арада чогулган элдин бир тобу кээ бир уюштуруучулардын кебине кулак салбай Ак үйдү көздөй жөнөгөн. Ал жерден милиция менен тирешип калган. Бирок милиция демонстранттарды "Ала-Тоодон" басымы жогору суу, жаш агызуучу газ колдонуп сүрүп чыгарган.

Аялдар Ак үйдүн дарбазасын каккылап... Бишкектеги митингдин баштан-аяк видеосу  - Sputnik Кыргызстан
Аялдар Ак үйдүн дарбазасын каккылап... Бишкектеги митингдин баштан-аяк видеосу
Жээнбеков коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавирус инфекциясынын дүйнөгө жайылып жатышынан улам өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине да көңүл бурган.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери бул багытта көрүлүп жаткан антикризистик чаралар, өлкө экономикасы үчүн кесепеттерди алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берген.

Президент өкмөткө тобокелчиликтер менен көйгөйлөрдү гана эмес, мүмкүнчүлүктөрдү дагы карап, продукцияны сатуу үчүн жаңы багыттар ачылса, кырдаалга ыкчам талдоо жүргүзүү жана ишкерлерге жардам кылуу зарылдыгын айткан.

Экономикалык коопсуздуктун тобокелчилигин, терс кесепеттерди азайтуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарды натыйжалуу координациялоо максатында республикалык ыкчам штаб түзүү боюнча сунуштама берген.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0