Жээнбеков Москвага учуп кетти. Коштоп жүргөндөрдүн тизмеси

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГосударственный визит Президента Сооронбая Жээнбекова в Туркменистан
Государственный визит Президента Сооронбая Жээнбекова в Туркменистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкөнүн лидерлери Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын ачылыш салтанатына катышары айтылган.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Москвага учуп кетти. Өлкө башчы бир катар иш-чараларга катышмакчы.

Жээнбековду коштоп кеткендердин тизмеси:

  • Чыңгыз Айдарбеков — тышкы иштер министри;
  • Данияр Сыдыков — тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси;
  • Аликбек Жекшенкулов — Кыргызстандын Россиядагы элчиси;
  • Мирлан Бакиров — ЖК вице-спикери;
  • Эркин Асрандиев — вице-премьер-министр.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбековдун Москвада катышчу иш-чаралары айтылды
Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Канатбек Исаев, Марат Аманкулов, Тынчтык Шайназаров, Евгения Строкова, Талант Мамытов, Бактыбек Турусбеков бар.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюп, Владимир Путин менен тар чөйрөдө жолугат. Андан сырткары, РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен сүйлөшүү пландалган. Ал эми кечинде Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын ачылыш салтанатына катышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0