Жээнбеков: биз Борбор Азиядагы эң алдыңкы өлкө болууга максат койгонбуз

Жазылуу
Мамлекет башчы өлкөнү өнүктүрүү үчүн бүт органдарды санариптештирип, коррупцияны жоюу аракети көрүлүп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков парламентте сүйлөп жатып Кыргызстан Борбор Азиядагы эң алдыңкы өлкө болууга максат койгонун билдирди.

Мамлекет башчы өлкөнү өнүктүрүү үчүн бүт органдарды санариптештирип, коррупцияны жоюу аракети көрүлүп жатканын белгиледи.

"Бул санариптештирүүнү мен ойлоп тапкан жокмун. Бүт дүйнө жүзү эң алдыңкы технологияларды колдонуу менен өнүгүү жолуна түшүп жатат. Тилекке каршы, биз кеч баштадык, артта калдык. Бирок биз абдан амбициялуу максат койгонбуз. "Борбор Азияда эң алдыңкы мамлекет болобуз" деген амбиция менен иштеп жатабыз. Коррупцияны жоюунун бир гана жолу бар — санариптештирүү. Ошондуктан бул менин өзгөчө көзөмөлүмдө, президенттик негизги багытым болууда", — деди Жээнбеков.

Белгилей кетсек, бүгүн жаңыдан кызматка дайындалган өкмөт мүчөлөрү Эркин Асрандиев, Акрам Мадумаров жана Замирбек Аскаров парламентте ант берип, ага президент, премьер-министр катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0