Сооронбай Жээнбеков Айгүл Рыскулованы жаңы кызматка дайындады

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-вице-мэр города Бишкек Айгуль Рыскулова. Архивное фото
Экс-вице-мэр города Бишкек Айгуль Рыскулова. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айгүл Рыскулова 2014-жылы Бишкек шаарынын вице-мэрлигине дайындалып, 2018-жылдын 25-майында арызын жазып кеткен.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Айгүл Рыскулова КМШнын Экономикалык кеңешине караштуу экономикалык маселелер боюнча комиссиясына Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Дагы бир жарлыгы менен буга чейин аталган кызматты аркалап келген Зина Асанкожоеваны жумуштан бошоткон.

Айгул Рыскулова 2014-2018-жылдары Бишкек шаарынын вице-мэри болуп иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0