Аликбек Жекшенкулов КРдин Греция жана Черногориядагы элчиси болуп дайындалды

© Sputnik / Евгений ОдиноковКыргызстандын Греция жана Черногориядагы элчиси болуп дайындалган Аликбек Жекшенкулов. Архив
Кыргызстандын Греция жана Черногориядагы элчиси болуп дайындалган Аликбек Жекшенкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшенкулов Кыргызстандын Россия менен Армениядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп келе жаткан.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын Греция жана Черногориядагы элчиси болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү Жарлыкка бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Жекшенкулов буга чейин Кыргызстандын Россия менен Армениядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп турган. Мындан ары ал Греция жана Черногориядагы элчилик кызматын айкалыштырып иштей турганы айтылат. Башкы кеңсеси Москва шаарында жайгашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0