15:33 29 Жалган Куран 2020
Түз эфир
  • USD80.2015
  • EUR88.3099
  • RUB1.0318
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Бишкектеги ЖККУ саммити (37)
290 0 0

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилеринин саммити өтүп жатат. Сооронбай Жээнбеков президенттерди кантип тосуп алганын материалдан көрүңүздөр.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн президенттерин Конгресс-холлдун кире беришинен тосуп алды.

Биринчилерден болуп Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды тосуп алышты. Андан соң Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон жана Россиянын лидери Владимир Путин келди.

  • Конгресс-холл государственной резиденции Ала-Арча перед началом заседания Совета коллективной безопасности ОДКБ в Бишкеке
    Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн президенттерин Конгресс-холлдун кире беришинен тосуп алды.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Армениянын премьер-министри Никола Пашинян
    Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Армениянын премьер-министри Никола Пашинян
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Президент Сооронбай Жээнбеков жана Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Президент Сооронбай Жээнбеков жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Президент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков встречает главу Таджикистана Эмомали Рахмона в госрезиденции Ала-Арча перед началом заседания Совета коллективной безопасности ОДКБ в Бишкеке
    Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмонду тосуп алуу
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Президент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков встречает главу России Владимира Путина в госрезиденции Ала-Арча перед началом заседания Совета коллективной безопасности ОДКБ в Бишкеке
    Россиянын лидери Владимир Путинди тосуп алуу
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Учурашып биргеликте сүрөткө түшкөндөн кийин тар чөйрөдөгү жыйын башталды.
    © Sputnik / Алексей Никольский
1 / 7
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн президенттерин Конгресс-холлдун кире беришинен тосуп алды.

Учурашып биргеликте сүрөткө түшкөндөн кийин тар чөйрөдөгү жыйын башталды. Мамлекет башчылары эл аралык жана аймактык коопсуздук көйгөйлөрүн, тажик-афган чек арасын бекемдөө жана уюмдун аскерий потенциалын өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

ЖККУга мүчө өлкөлөр — Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан. Уюмдун негизги максаты — аталган биримдикке кирген өлкөнү тышкы саясий агрессиядан, эл аралык террорчулуктан жана жаратылыш кырсыктарынан сактоо.

Тема:
Бишкектеги ЖККУ саммити (37)

Тема боюнча

ЖККУнун Бишкектеги саммити. Онлайн репортаж. Сүрөт, видео
Бишкекте 6 мамлекеттин башчылары чогулуп, сүйлөшүүдө. ЖККУ саммити башталды
Кыргызстан Россияга ЖККУ төрагалыгын четинен өткөрүп берүүдө. Видео
Белгилер:
жыйын, президент, ЖККУ, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ