Кийинки жумада Борбор Азия президенттери жолугат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСаммит международного фонда спасения Арала в Туркменбаши
Саммит международного фонда спасения Арала в Туркменбаши  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор Азия мамлекеттеринин жолугушуусуна даярдык көрүүнү тышкы иштер министрлери талкуулады. Кыргызстандын атынан министр Чыңгыз Айдарбеков катышты.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Ташкентте Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери президенттердин жолугушуусуна болгон даярдыктарды талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жолугушуу 15-ноябрда өткөн.

Саммит ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Токаев КМШга шенген сыяктуу виза киргизүүнү сунуштады. Пайдасы эмнеде?
Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов президенттердин бейформал жолугушуусу 29-ноябрда өтө турганын айтты.

Ал эми Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин биринчи консультациялык жолугушуусу 2018-жылдын март айында Казакстанда болгон.

27-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келет. Ал эми 28-ноябрда Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити өтөт. Ага Кыргызстандын, Белоруссиянын, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын президенттери жана Армениянын премьер-министри катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0