Премьер: Солтон-Сарыдагы окуя кытай компаниясынын жабылышына себеп болбошу керек

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
5-августта Солтон-Сарыда жергиликтүү эл кайтадан чогулуп, алтын казып жаткан кытай компаниясынын ишин токтотууну талап кылышкан.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Солтон-Сары кениндеги кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин Солтон-Сары кенине жакын жерде болгон окуя жана коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздоо боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматы угулду.

ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиция Солтон-Сарыдагы азыркы абал тууралуу айтты
5-августта Солтон-Сарыда жергиликтүү эл кайтадан чогулуп, алтын казып жаткан кытай компаниясынын ишин токтотууну талап кылышкан. Аягында пикир келишпестиктен улам тараптар бири-бирин ташка алган. Жаракат алган айрым жарандар аймактык ооруканага жеткирилгени айтылды. Абалды жеринен көзөмөлдөө жана элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн 6-августта эртең менен биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев чыгып кеткен.

Өкмөт башчы окуянын бардык жагдайларын тыкыр тактап, калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

"Жергиликтүү жашоочулардын жана чет элдик жумушчулардын ортосундагы окуя ишкананын ишин токтотууга себеп болбошу керек. Тоо-кен тармагында кандай көйгөйлөр бар экенин биз жакшы билебиз жана кырдаалды түп-тамырынан өзгөртүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Мен бул маселеге толук түрдө киришип, жеке көзөмөлүмө алып турам. Тоо-кен чөйрөсүнүн бүгүнкү маселелери жылдар бою топтолгон, олуттуу, кайра карап чыгууну жана чечкиндүү аракеттерди талап кылат. Эгерде инвестор талаптарды жана биздин жарандардын укуктарын буза турган болсо, биз аларга карата чара көрө турганыбызды белгилей кетким келет. Бирок баары мыйзам чегинде болушу шарт. Эгерде ушул сыяктуу окуялар үчүн адамдар ишканаларды жабууну талап кыла беришсе, инвесторлор бизден баш тартышат", — деди Абылгазиев.

Ал ошондой эле күнүмдүк тиричилик жагдайын саясий нукка бурбоо керектигин, бардык талаштар укуктук негизде чечилүүгө тийиш экенин кошумчалады

Андан сырткары, мамлекет ар дайым жергиликтүү калктын, ошондой эле инвесторлордун дагы кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылышы керектигин белгиледи.

Атчан, жөө-жалаңдап... Нарындагы кытай компаниясына каршы чыккан элдин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Атчан, жөө-жалаңдап... Нарындагы кытай компаниясына каршы чыккан элдин видеосу
"Жакында эле бул үчүн биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов биздин жарандар жана кытай компаниясынын өкүлдөрү менен жеринде жолугушкан. Анда бардык жүйөлөр угулуп, жарандар тарабынан тоо-кен компаниясына карата 83 пункттан турган талаптар коюлуп, алар аткарууга милдеттенген. Мониторинг жүргүзүү үчүн тегеректеги айылдардын жашоочуларынан турган жарандык топ түзүлгөн. Бул талаптар сапаттуу жана толук көлөмдө аткарылышына өкмөт дагы, жергиликтүү тургундар дагы жана инвесторлор дагы кызыкдар, себеби бул натыйжалуу кызматташууга кепилдик берет", — деди өкмөт башчы.

Абылгазиев ошондой эле компания кырылган мал үчүн компенсация төлөп берүүгө, жолдордун, көпүрөлөрдүн курулушуна жардам көрсөтүүгө, жаратылышты коргоо чараларын күчөтүүгө милдеттенгенин айтты. Азыркы кырдаал бул иштерди аткарууга тоскоол болушуна жол бербөө керек. Бардыгы конструктивдүү диалог жолу менен чечилүүгө тийиш.

Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешменин жыйынтыгы боюнча коомдук тартипти камсыздоо жана жергиликтүү калктын дагы, инвесторлордун дагы кызыкчылыктарын эске алуу менен жеринде абалды жөнгө салуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0