00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бөлүм башчы кызматын чоңойтуп Кытайга жөнөгөн. Айыл чарба министрлигиндеги чуу

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Беккулиева. Архив
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Беккулиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык жарманкеге министрдин орун басары катары бараткан бөлүм башчынын жол чыгымдарын уюштуруучу тарап каржыламак.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Беккулиеваны министрдин орун басары рангы менен Кытайга жөнөтүүгө белсенип жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымат түштү.

Билдирмеге караганда, Кытайда жыл сайын өтүүчү "XXI кылымдагы Деңиз Жибек Жолу" эл аралык жарманкеге катышуу үчүн айыл чарба министринин орун басары рангындагы кызматкерге чакыруу келген. Жол кире, тамак-аш жана башка чыгымдарды чакырган тарап төлөп берет. Маалыматта жетекчилик жеке кызыкчылыктардан улам талапка туура келбеген кызматкерди жөнөтүүгө белсенип жатышканы айтылат. Аталган жарманке 23-26-августта өтмөкчү.

Директор Госагентства охраны окружающей среды и лесного хозяйства Абдыкалык Рустамов - Sputnik Кыргызстан
Сындан башы чыкпай... Пара менен кармалган Рустамовдун алешем иштери
Мындан улам кытай тарап "Чын эле бөлүм башчынын министрдин орун басары рангы барбы?" деп Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине сурап жөнөткөнү белгиленет. Аталган ведомство Sputnik Кыргызстан агенттигине маселенин чоо-жайын тактап бере турганын айтты.

Ошондой эле маалымат булагы министрдин орун басары Амангелди Исаевдин колу менен жөнөтүлгөн катты жиберди. Анда бөлүм башчы Беккулиева "министрдин орун басары рангында" деп жазылган.

Ушундай эле маалымкат социалдык тармакка да жарыяланып, талкууга түштү. Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева пост жазып "министрлик өлкөнү эл аралык деңгээлде уят кылды" деп сыпаттады.

"Жергиликтүү калкты жыргатпаган жетекчилер эми ушинтип бизди эл аралык деңгээлде да уят кылып бүтүрүшөт турбайбы? Жакында эле кармалган Токой чарба агенттигинин жетекчиси Рустамов өзүнүн шоопурун командировкаларга жөнөткөнү да маалым болгон. Жоопкерчиликке эч ким тартылган эмес. Унчукпаса боло берет экен да? Урматтуу өкмөт башчысы, ТИМ, булар минтип кутурушса, башка министрликте эмне болуп жатканын ким көзөмөлдөп жүрөт?" — деп нааразы болду эл өкүлү.

Ал эми юрист Искен Афиджанов Facebook баракчасына документтин сүрөтүн жүктөп, "Бөлүм башчы министрдин орун басары рангында боло алабы?" деп суроо салды. Ал мындан бирөө төлөп берген каражат менен өзүнүн адамын чет өлкөгө жөнөтүү аракети болушу мүмкүн деп шек санаган.

Документте колу коюлган министрдин орун басары Амангелди Исаев: "Бул боюнча териштирип жатабыз",- деп кабарчынын суроосуна толук жооп берүүдөн баш тартты. Андан кийин байланышуудан майнап чыккан жок. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы министрликтин мекемесине барганда Исаев да, министр Эркинбек Чодуев да иш ордунда жок болуп чыкты. Кабылдамадан алар өкмөткө кеткенин айтышты.

Аталган министрликтин маалымат кызматы маалыматты кийинчерээк тактап берүүнү убадалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0