Башкы прокуратура: Юстиция министрлиги КСДПны кайра каттоодо мыйзам бузду

© Фото / пресс-служба фракции СДПККСДП фракциясынын желеги. Архив
КСДП фракциясынын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП Юстиция министрлигине Алмазбек Атамбаев партиянын төрагалыгын тапшырып, анын милдетин аткаруучу болуп Асел Кодуранова дайындалганы тууралуу документтерди жиберген.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Юстиция министрлиги КСДПны кайра каттоодо мыйзам бузганын Башкы прокуратура да тастыктады. Бул тууралуу партиянын юристи Нурбек Касымбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Башкы прокуратурадан тийиштүү кат КСДПга келген.

"Биз Юстиция министрлигине Алмазбек Атамбаев партиянын төрагалыгын тапшырып, төраганын милдетин аткаруучу болуп Асел Кодуранова дайындалганы тууралуу кабар бергенбиз. Аны Юстиция министрлиги жети жумушчу күндүн ичинде юридикалык жактардын бирдиктүү реестрине катташы керек болчу. Бирок алар белгиленген мөөнөт ичинде киргизбей, мыйзамды аткарбай койду. Биз 14-июнда Юстиция министрлиги мыйзамды бузуп жатат деп Башкы прокуратурага кайрылдык. 24-июндагы каты менен Башкы прокуратура мыйзам бузулганын ырастап, "мыйзам бузууну калыбына келтиргиле" жана "аны бузган адамдарды тартиптик негизде жазалагыла" деп сунуш киргизген", — деди ал.

Касымбеков эми Юстиция министрлиги мыйзамга ылайык бир айдын ичинде Башкы прокуратуранын сунушун аткарышы керектигин кошумчалады.

Ал, андан сырткары, бүгүнкү күнү Юстиция министрлигинин сайтындагы юридикалык жактарды каттоонун бирдиктүү реестринде Сагынбек Абдрахманов КСДПнын лидери деп турганын билдирди.

"Сунуштар аткарылбаса, Башкы прокуратура тарабынан дагы башка чаралар көрүлөт деп күтөбүз", — деди Касымбеков.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан Юстиция министрлигине түшкөн билдирүүнү кароо убактысынан өткөрүп ийгендиги үчүн министрликке сунуштама жиберилгенин билдиришти.

Руководитель фонда имени Суймонкула Чокморова Сагынбек Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан
Сагынбек Абдрахманов КСДПнын эсептеги акчасы менен мөөрүн талап кылды
Буга чейин Юстиция министрлигинин сайтында КСДПнын кеңсесинин дареги жана жетекчиси өзгөртүлгөнү тууралуу маалымат чыккан. Анда кеңсе мурункудай 7-Апрель көчөсүндө эмес, Эркиндик проспектисинде, ал эми жетекчиси Алмазбек Атамбаев эмес, Сагынбек Абдрахманов экени көрсөтүлгөн болчу.

Эске салсак, Сагынбек Абдрахманов 2019-жылы 3-апрелде КСДПнын съездин өткөрүп, саясий кеңеш бекитилип, партиянын төрагалыгына шайланганын айткан. Ал эми Алмазбек Атамбаев башында турган КСДПчылар үч күндөн кийин өз съездин өткөргөн. Юстиция министрлиги алардын дарегине Сагынбек Абдрахмановдон партиянын курамы, жетекчиси жана дареги алмашканы боюнча билдирүү келгенин маалымдап, ошонун негизинде партиянын юридикалык маалыматтары өзгөргөнүн билдирген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0