Депутаттар Матраимовдун турнирине жабыла барган себебин айтышты

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүПортфель. Архив
Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрү Кара-Сууга кесиптешинин чакыруусу менен барышканын белгилешти.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев кесиптеши Искендер Матраимовдун чакыруусу менен төрага Дастан Жумабеков баштаган эл өкүлдөрү спорттук иш-чаранын ачылыш аземине катышканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, бул мелдешке Өзбекстандан да спортчулар келишкен.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев
Депутаттар Матраимовдун турнирине жабыла барган себебин айтышты - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев

"Спорттук иш-чаранын ачылышында 9-майга карата да ардагерлерге төрага жана биринчи вице-премьер өз белектерин тапшырды. Искендер Матраимов биздин кесиптешибиз. Ал бизди спорттук иш-чаранын ачылыш аземине чакырган. Бул жерде эч кандай саясат жок", — деди Тиллаев.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков
Депутаттар Матраимовдун турнирине жабыла барган себебин айтышты - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков

Ал эми депутат Нурбек Алимбеков депутаттардын тобу Кара-Сууга Искендер Матраимов жана Төрөбай Зулпукаровдун чакыруусу менен келгенин белгиледи.

"Алгач Кара-Суудагы турнирдин ачылышына катыштык. Азыр Төрөбай Зулпукаровдун чакыруусу менен Ноокенге иш-чарага баратабыз", — деди ал.

Алимбеков ошондой эле депутаттар бул жакка өз каражатына келгенин жана кечинде эле кайта Бишкекке кайтышарын кошумчалады.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков
Депутаттар Матраимовдун турнирине жабыла барган себебин айтышты - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун маалымат катчысы Эльвира Темир бүгүн, 1-май, спикерге эс алуу күн экенин айтты.

"Ал эс алуу күнүн өзү каалагандай өткөрүүнү чечкен. Аны депутат Искендер Матраимов чакырган. Төрага ал жакка өзүнүн каражатына барды", — деди ал.

Эльвира Темир, андан сырткары, бул расмий эмес, жеке сапар экенин белгиледи.

Мамлекеттик кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тилек Матраимов "алачыкта" жашайт экен. Оштогу акимдердин кандай байлыгы бар?
Белгилей кетсек, Ош облусунун Кара-Суу районунда 9-май — Жеңиш күнүнө, ошондой эле Исмаил Матраимовдун жаркын элесине арналган волейбол жана футбол турнири өткөн. 

Анда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун да жүргөнүн көрүүгө болот. Эске сала кетсек, 2017-жылы ошол кездеги премьер Сапар Исаков Матраимовду "ишенимден чыкты" деген жүйө менен кызматынан бошоткон.  Бирок Матраимов кызматтан мыйзамсыз алынганын айтып сотко кайрылган. 

2018-жылы 25-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Матраимовдун кызматтан мыйзамсыз алынган деген доосун карап, аны канааттандырган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0