Нурсултан Назарбаев бүгүн президенттикке талапкердин атын атайт

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин принял участие в V Каспийском саммите в Актау
Президент РФ В. Путин принял участие в V Каспийском саммите в Актау - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Nur Otan партиясы бүгүн кезексиз съездге чогулду.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Казакстандын парламент (жогорку палата) депутаты Михаил Бортник Nur Otan партиясынын мүчөлөрү президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер катары Касым-Жомарт Токаевди сунуштарына көзү жетерин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Эске салсак, Казакстандын жаңы өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда, 9-июнда, өтө турганын жарыялаган.

Nur Otan партиясы шейшемби күнү кезексиз съездге чогулуп, анын төрагасы, өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаев талапкердин атын атайт.

"Бүгүнкү иш-чаранын күн тартибине ылайык, Nur Otan партиясынан талапкер көрсөтүлөт. Партияда ар бири бул кызматка татыктуу. Бирок биз учурдагы президенттин талапкерлигине токтолобуз деп ойлойм", — деди Бортник.

Касым-Жомарт Токаев Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев отставкасын жарыялагандан кийин өлкө башчы болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0