Бабанов: жакында Кыргызстанга кайтып келем, мени "качты" дегендерге жообум бар

© AFP / Vyacheslav OSELEDKO"Республика — Ата Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов. Архив
Республика — Ата Журт партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өмүрбек Бабанов 21-мартта өзүнүн Facebook баракчасына жакында Кыргызстанга келем деген маанайда кайрылуу жасаган.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстанга жакынкы күндөрү кайтып келем деп билдирди саясатчы, "Республика — Ата Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов НТС каналына маек берип жатып.

"Кайсыл жерде болбоюн мекендештерим менен жакшы көрүшөбүз. Алар менен жолукканда келеримди айткам. Бир тобу качып кетти деп айтып жатат. Ага жообум бар. Кыргызстанга жакынкы күндөрү кайтып келем", — деди Бабанов.

Эске салсак, "Республика — Ата Журт" фракциясынын экс-лидери Өмүрбек Бабанов 21-мартта өзүнүн Facebook баракчасына жакында Кыргызстанга келем деген маанайда кайрылуу жасаган.

Бабанов Кыргызстанга келет деген сөздөн кийин УКМК билдирүү тараткан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин расмий өкүлү Рахат Сулайманов эгер Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келе турган болсо "мыйзам боюнча жоопко тартыла турганын" Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирген.

Республика — Ата-Журт партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Бабанов чет жакка эмнеге кеткендигин айтты
УКМКнын маалымдашынча, Бабановго карата эки кылмыш иши козголгон. Алардын биринде Ош шаарынын Амир-Тимур кичирайонунда айткан чагымчыл сөздөрү боюнча, экинчисинде бийликти күч менен басып алуу, массалык башаламандык уюштурууга айыпталган болчу.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго карата Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады жана улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутту деген кине менен 2017-жылы 4-ноябрда кылмыш ишин козгогон.

Ал эми 2018-жылы сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы депутат Өмүрбек Бабановго карата бийликти күч менен басып алуу, массалык башаламандык уюштуруу боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөө процесси токтотулганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0