Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Кыргыз-тажик чек ара чыры боюнча сүйлөшүү жүрүүдө. Делегацияда кимдер бар?

© Фото / пресс-служба ГПС КРПограничники на кыргызско-таджикском участке государственной границы
Пограничники на кыргызско-таджикском участке государственной границы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүйлөшүүлөр ишемби күнү саат 10:15те Дача (Кыргызстан) деп аталган аймакта башталды.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегациялары чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул туурасында Чек ара боюнча мамлекеттик кызматтан кабарлашты.

Сүйлөшүүлөр ишемби күнү саат 10:15те Дача (Кыргызстан) деп аталган аймакта башталды.

Кыргызстан тараптан вице-премьер Жеңиш Разаков, Чек ара боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы, ИИМ, транспорт жана жолдор министри, КРдин аскер прокурору жана өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси катышууда.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик биргелешип эл арасында түшүндүрүү иштерди тынымсыз жүргүзүп жатат - Sputnik Кыргызстан
Кашкар Жунушалиев аскерлер менен кыргыз-тажик чек арасын түнү бою күзөттү. Сүрөт
Тажикстан тараптан өкмөт башчынын орун басары Иброхим Азим, Тажикстандын УКМКсынын Чек ара боюнча ведомствосунун жетекчиси, транспорт министри, ИИМ, аскер прокурору, Согду облусунун төрагасы, аскер прокурору, Каттоо боюнча мамлекеттик кызматтын республикалык жана облустук өкүлдөрү келди.

Негизинен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу. Чек ара тилкелерине жакын жерге топтолгон кишилер байкалган жок.

Баткен районундагы Ак-Сай менен Тажикстандын Мехнатабад айылдарынан жашоочуларынын арасындагы чатак 13-мартта чыккан. Эртеси, 14-мартта, эки тарап бири-бирине таш атып, чыңалуу күч алган. Каршылашуунун себеби Кыргызстан тараптан Ак-Сай — Тамдык айланма жолунун курулушу болгондугу айтылууда. Вице-премьер Жеңиш Разаков Тажикстан тарап жарандарынын каза болгондугун айтканын билдирген.

Эки тарапты кепке келтирип, абалды жакшыртуу боюнча президенттер менен премьер-министрлер сүйлөшкөн.

15-мартта абал турукташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0